Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Россиядагы кыргызстандыктар үчүн акысыз адвокат кызматы ишке кирет

© Sputnik / Асел АкматКыргыз Республикасынын адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов
Кыргыз Республикасынын адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов борбор калаада "Жаңы жол — жаңы доор" аталышындагы адвокатура тармагы боюнча дүйнөлүк форум өткөнүн айтты.
Былтыр декабрь айында Москвада Евразиялык адвокаттар ассоциациясы түзүлгөн. Аталган коом алгачкы форумду дүйнөлүк деңгээлде уюштуруп, Бишкек шаарында өткөрүүнү пландаган. Аталган иш-чара 6-октябрда ийгиликтүү жыйынтыкталды. Кыргызстандык юристтер үчүн бул чоң сыймык, анткени форумдун келечеги кең экенин Билим Райымкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Россиядагы кыргызстандыктар үчүн акысыз адвокат кызматы ишке кирет
Анын айтымында, форумда Евразия контингентиндеги өлкөлөр ортосунда жарандардын укуктук жана экономикалык ишкерлик багыттарында келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө тыгыз иштешүү маселелери талкууланды.
"Евразия контингентине кирген өлкөлөрдүн юристтери катышкан бул форум алгачкы ирет уюштурулуп жатканына карабай жемиштүү болду. Анткени анда коомдогу эң орчундуу маселелер талкууланды. Бул, биринчиден, ушул өлкөлөрдүн жарандарынын укуктук, ишкерлик маселелериндеги жаралган көйгөйлөрдү биргеликте чечүү, бири-бирибизге көмөк көрсөтүү. Эми Россия Федерациясындагы кыргызстандыктар да зарылчылык жаралган учурда акысыз адвокат кызматынан пайдалана алышат. Россия өкмөтү аларды чет өлкөлүк деп бөлбөй, өз жарандарындай акысыз адвокат кызматын сунуштайт. Форумдун алкагында Россия тарап менен мына ушундай макулдашууга жетиштик. Ал үчүн жаран маселе жаралган учурда "мен акысыз адвокат кызматынан пайдаланам" деп талап кылышы керек", — деди Райымкулов.
Ал аталган форумга КР Жогорку сотунун төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары жана депутаттар да катышкандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0