Мэрия Бишкекте эреже бузган автобустарды каттап жатканын айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаарындагы коомдук транспорт. Архивдик сүрөт
Бишкек шаарындагы коомдук транспорт. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Жазылуу
Коомдук транспорттогу камераларга көбүнчө аялдамага уруксаты жок токтоп алган, коомдук транспорт үчүн чийилген тилкеде жүргөн автоунаалар түшүп калат.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Мэрия Бишкекте № 212, № 51, № 42 автобус линияларындагы камералар жол эрежесин бузгандарды каттап жатканын маалымдады.
Белгилей кетсек, жолдогу эрежени одоно бузган айдоочуларды аныктоо үчүн Бишкектеги жаңы автобустарга камералар коюлган. Муниципалитет азырынча үч каттамдагы автобустардын камералары иштеп жатканын кабарлап, жакын арада башкалары да видеокөзөмөл жүргүзө баштаарын кошумчалаган.
"Автобустардагы камераларга көбүнчө аялдамага уруксаты жок токтоп алган, коомдук транспорт үчүн чийилген тилкеде жүргөн же катуу ылдамдыкта бараткан автоунаалар түшүп калат", — деп айтылат маалыматта.
Пилоттук долбоордун алкагында муниципалитеттин кызматкерлери жол эрежесин бузуу фактысы бар-жогун аныктоо үчүн видеолорду көрүп чыгат. Эгер эреже бузулса, патрулдук милицияга жөнөтүлөт.
Бишкектин жаңы автобустары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Бишкектин автобустарындагы камералар жолдогу эреже бузууну каттай баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0