Бишкектин бир бөлүгүндө эки күнгө газ өчөт. Тизме

© AFP / INA FASSBENDERГаз конфоркасы. Архив
Газ конфоркасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Жазылуу
Бул аралыкта жылуулук сезонуна даярдык көрүү үчүн пландык иштер жүргүзүлөт.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 11-октябрдан 13-октябрга чейин борбор калаанын ири бөлүгүндө газ өчөт. Бул тууралуу "Бишкек газ" билдирди.
Маалыматка караганда, бул аралыкта жылуулук сезонуна даярдык көрүү үчүн пландык иштер жүргүзүлөт.
Көгүлтүр от үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
"Красный строитель" жаңы конушу;
Сары-Челек көчөсү;
Киргизская көчөсү;
Логвиненко көчөсү;
Курманалиев көчөсү;
Зеленая көчөсү;
Новая көчөсү;
Колхозная көчөсү;
Элебесов көчөсү;
Аул көчөсү;
Новосельская көчөсү;
Заводская кууш жолу.
Мындан тышкары, Ала-Арча суусу, Кичи Чүй каналы жана айланма жолдун жээгиндеги үйлөрдө да газ жок болору кошумчаланды.
Автоунаанын чыгаруучу түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Бишкекте катализатору жок унааларды аныктоо иштери күчөтүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0