"Славян окуу жайы университеттен да артык". КРСУдагы көргөзмөнүн видеосу

Жазылуу
Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети 30 жылдыгын белгилөөдө. Майрамдык датага карата окуу жай өзгөчө көргөзмө уюштурган.
"Славян окуу жайы университеттен да артык!" аттуу көргөзмө окуу жайдын башкы корпусунун алдына уюштурулган. Анда табигый-техникалык факультети менен курулуш, дизайн жана архитектура факультетинин студенттеринин кол эмгектери коюлган. Автомобилдик транспорт кафедрасында билим алгандар кызыктуу макеттерди жасашкан. Ошондой эле болочок дизайнерлердин кийимдеринин коллекциясын көрүп, ЖОЖдун тарыхы менен таанышса болот. Көргөзмө боюнча экскурсияны проректор Леонид Сумароков өткөрүп, иш-чара симфониялык оркестрдин музыкасы менен коштолду.
Тема боюнча:
Бишкекте Россия менен Кыргызстандын мугалимдерине эстелик тургузулат
Жаңылыктар түрмөгү
0