Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Жалал-Абадда Россия-Кыргыз аймак аралык Х конференция өтөт. Эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду финансылоону талкуулайт. Андан сырткары, бизнес-сессия, көргөзмө пландалган.

Оверчук Россия менен Кыргызстандын кызматташуудагы жетишкендиктерин атады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүРоссия жана Кыргызстандын желектери. Архивдик сүрөт
Россия жана Кыргызстандын желектери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
Россия өкмөтүнүн өкүлү эки өлкө ортосундагы кызматташууда негизинен аймактар аралык байланышка көңүл бурулуп жатканын айткан.
ЖАЛАЛ-АБАД, 11-окт. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн башчысынын орун басары Алексей Оверчук ЕАЭБ алкагында Кыргызстан менен Россиянын кызматташуудагы артыкчылыктарына токтолду.
КР менен РФтин аймактар аралык конференциясынын пленардык жыйынында Оверчук конференция уюшулгандан бери беделдүү аянтчага айланганын айтып, бул иш-чара биргелешкен аракеттерди өнүктүрүү үчүн ишкерлер чөйрөсү менен бардык кызыкдар тараптардын башын кошуп келерин белгилеген. Мурдагы иш-чарага 400дөн ашык делегат катышкан.
"Россия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш экенин сандар көрсөтүп турат. Соода жүгүртүүнүн көлөмү былтыркы жылы 3,4 миллиард долларды түзгөн. Негизинен аймактар аралык байланышка көңүл бурулууда. Россиянын 80ден ашык аймагы Кыргызстандын облустары менен соода-сатык жаатында иштешүүдө. 20 аймак облустар менен контракт келишимдерин түзүп коюшту", — деди Оверчук.
Эки тараптын ортосундагы мамиледе окуу жайлар аралык кызматташуу да негизги орунду ээлейт. Буга Кыргызстандын 16 миң жараны Россиянын окуу жайларында билим алып жатканы далил.
"2045-жылга чейин ЕАЭБ дүйнөдө өзүн-өзү каржылаган, өнүккөн макроаймак болуп калыптанып калышы керек", — деген ал.
Белгилей кетсек, Жалал-Абадда Россия-кыргыз аймак аралык Х конференция өтүп жатат. Анда эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду финансылоону талкуулоодо. Андан сырткары, бизнес-сессия, көргөзмө пландалган. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров менен РФ лидери Владимир Путин онлайн катышты.
РФ президенти Владимир Путин Жалал-Абаддагы Россия-кыргыз аймак аралык конференциясына онлайн катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Путин: Россия Кыргызстандын бардык пайдалуу саамалыктарын колдойт
Жаңылыктар түрмөгү
0