Какыр-Сайда жер танаптаган сахна чеберлери. "Көчөдөгү" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
© Sputnik / Александр Федоров
Сол жактан биринчи турган СССРдин эл артисти, залкар актер Муратбек Рыскулов, экинчи турган Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова, жаш актриса Мамлакат Кылычева жана таланттуу актер Исмаилбек Абдубачаевдин сүрөтү 1972-жылы Ош облусунда тартылган.
Ал жылы белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров жазуучу, драматург Мурза Гапаровдун чыгармасынын негизинде Ноокат районунда "Көчө" тасмасын тартууга киришкен.
Фильмде дүкөнчү Маликенин ролун аткарган актриса Мамлакат Кылычева ал кезди мындайча эскерет:
"Мен биринчи жолу режиссер Бекеш Абдылдаевдин "Түштүк кызы" тасмасында кыздын ролун жараткам. Андан кийин режиссер Геннадий Базаров тарткан "Саманчынын жолунда" агасын согуштан тосуп алган кыздын ролун ойногом. Базаров буга чейин чогуу иштешип калган үчүнбү, мени "Көчөгө" чакырып, сынактан өтүп Маликенин ролун алып калгам. Ал фильмде жалаң залкар таланттар ойногон. Көп кызыктуу күндөр өттү, бала болгондуктан бири эсте калса, бири эсте жок. Залкар актриса Бакен Кыдыкеева "ай, оозуңду боебо, косметиканы канчалык кечирээк колдонсоң ошончо жакшы" деп айтчу. Алиман Жанкорозова мени Мамлакат дебей, "ай, Өкмөт" деп чакырчу", — деди Кылычева.
Токтогул ГЭСинин курулуш иштеринин башталышы алдында Беш-Кемпир айылынан көчүрүлгөн жашоочулардын турмушун, кылык-жоругун чагылдырган эмгекте Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Чоро Думанаев, Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева да роль жараткан.
Тема боюнча:
Шамшиевдин акыркы тасмасы. "Фудзиямадагы кадыр түндүн" таберик сүрөтү
Эки ирет үйлөнүп, эки ирет жесил калган. Советбек Жумадыловдун таберик сүрөтү
Мурат Мамбетовдун тушоосу кесилген. "Ак куулар конгон айдың көлдөгү" таберик сүрөт
"Кыргыз кереметинин" бир бучкагын тарткан сүрөтчүлөр. Душанбедеги таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0