Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк өлкө аймактарына жайылтылат. Эксперттин маеги

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом купюралары КР желегин фонунда. Иллюстративдик сүрөт
Сом купюралары КР желегин фонунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
Мамлекет жеке өнөктөштүк багытындагы саясатты карманып келе жатканына көп жылдын жүзү болду. Муну өнүктүрүүгө басым да жасалууда. Учурда мамлекеттик ири долбоорлордун бир тобу ийгиликтүү иштеп жатат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун улук эксперти Эрденет Касымов болду.
— Жакында өткөн иш-чара тууралуу айтсаңыз. Кандай өттү, эмне маселелер көтөрүлдү?
— Ушул жылдын 28-29-сентябрында Бишкек шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча II эл аралык конференция болуп өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, бир катар министрликтер, облустардагы өкүлчүлүктөр, Евразия өнүктүрүү банкы, БУУнун агенттиктери, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы эл аралык эксперттер, консалтинг компаниялары жана көптөгөн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ага чейин Эл аралык каржы корпорациясы менен биргеликте иштелип чыккан кубаттуулугу 150 мегаватт күн электр станциясын, Өзгөн айланма жолун куруу, Ат-Башы бажы-логистикалык борборлорун түзүү өңдүү Кыргызстандын жашоо деңгээлин жана инфраструктурасын жакшыртууга багытталган конкурска чейинки иш-чаралар өткөн. Конференцияда инвесторлорго сунушталган Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу долбоору Эл аралык финансы корпорациясы тарабынан бааланып, анын учурдагы статусу талкууланды. Буга чейин долбоорго каржылык консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте үч тараптуу макулдашууга кол коюлган. Жолугушууда потенциалдуу инвесторлорго өлкөбүздөгү жүргүзүлүп жаткан реформалар, жеке өнөктөштүктүн негизиндеги долбоорлор жана колдоолор тууралуу айтып бердик. Айта кетсек, долбоордун учурдагы техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу иши аяктап калды. Ага юридикалык, каржы–экономикалык, экологиялык, социалдык талдоолорду. инвесторлордун кызыгуусун баалоо келишимдери камтылган. Жакында инвестор тандоого сынак жарыяланат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен Азия өнүктүрүү банкы орток меморандумга кол койду. Аталган банктын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборлоруна колдоо көрсөтүүсү күтүлүүдө.
© Sputnik / Асел АкматМамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун улук эксперти Эрденет Касымов
Старший эксперт Центра государственно-частного партнерства КР Эрденет Касымов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун улук эксперти Эрденет Касымов
— Кыргызстанда эми мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө басым жасалары айтылды. 2021-жылы бул тармакты өнүктүрүү үчүн мыйзам да кабыл алынган. Эми сиздердин борбордун иш планын, миссиясын түшүндүрүп берсеңиз?
— Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк — бул дүйнө жүзүндөгү мамлекеттик кызматтарды кыйла натыйжалуу жана сапаттуу көрсөтүүгө, инфратүзүмдүк объектилерди өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген альтернативдүү метод. Бул кызмат инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана жеке секторлордун материалдык ресурстарын концентрациялоо аркылуу өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыз кылуунун, анын ичинде мамлекеттик бюджетке болгон жүктү төмөндөтүү жана бюджетти бөлүштүрүүнүн маанилүү инструменттеринин бири болуп саналат. 2019-жылы биздин борбор түзүлүп, ага ылайык ыйгарымдуу органдар аныкталган. 2026-жылга чейинки өнүктүрүү программабызга төмөнкү талаптар коюлган: мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мыйзамдарын өнүктүрүү, фискалдык башкарууну күчөтүү, аймактарда аталган кызматты ишке ашыруу, аны колдоого финансылык инструменттерди түзүү. Мыйзам чыккандан бери биздин долбоордук портфелибиздин инвестициялык суммасы бир миллиард доллардан ашкан 68 долбоорго чейин көбөйдү. Анын жыйырмасына кол коюлган, 6 долбоор конкурстук баскычта турат. Ошондой эле 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгында мамлекеттик-өнөктөштүк планына кол коюу менен 42 долбоор даярдалып жатат. Жакында эле Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытайдын холдингинин ортосунда Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында бөйрөктөн таш алып чыгуу аппаратын орнотуу макулдашылды. Ал аппарат мурда Улуттук госпиталда болгон экен. Бирок эскилиги жеткендиктен иштебей калыптыр. "Кыргыз почтасы" ААКтын Жалал-Абад облусундагы филиалын жана Чүй облустук ооруканасын реконструкциялоо боюнча сынак жарыяланды. Ош шаарында отканаларды модернизациялоо жана саламаттык сактоо уюмдарында компьютердик томографияларды орнотуу боюнча долбоорубуз ишке ашып жатат. Өзгөн айланма жолунун долбоору да аяктап калды. Жыл сайын алдыга план коюп, ар бир аймакта долбоорлорду ишке ашыруу үчүн иштейбиз. Андан тышкары, биздин долбоорубуз ачык, сунуштар болсо иштешүүгө даярбыз.
Касымов: МЖӨнүн инвестициялык портфели миллиард доллардан ашты
— Долбоорлордун ичинен эң ириси Бишкекти айланып өтүү жолун куруу экен. Бул азыр кайсы этапта?
— Бул азыр демилге баскычында турат. Эл аралык финансылык институттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ири долбоор болгондуктан техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, аны ким жасаары аныкталууда. Бул — бишкектиктердин жашоосун жеңилдетип инфраструктурасын жакшыртуучу долбоор. Азырынча 433 миллион доллар сарпталары белгиленген. Буга эл аралык финансылык институттар аркылуу потенциалдуу инвесторлор тартылат. Азыр аларга кошумча маалыматтар берилип, анан конкурс жарыяланат. Мындан тышкары, долбоорлордун ишке ашышына көмөк көрсөтөбүз. Азыр ички инвестицияларга басым жасап жатабыз. Ички инвесторлорубуз көп. Алардын ар кандай сунуштары жана идеялары бар, отуруп бирге талкуулайбыз. Мисалы, бала бакча куруу үчүн мэриянын уруксатын алып келген инвесторго жер алууга жана долбоорун түзүүгө жардам беребиз. Алгач үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Кыргызстандын ар бир булуң-бурчуна мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү киргизип, ошол механизмди иштетүүгө ниеттенип жатабыз. Түштүктө филиал ачуу планыбыз бар. Ошону менен бирге атайын жер-жерлерде тренингдерди өткөрүп, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору кантип иштээрин окутуу керек. Республика боюнча туруп калган имараттар көп. Алардын баарын кайра жандандыруу зарыл. Мүлктү башкаруу фонду менен да бул багытта тыгыз иштешебиз. Анткени инвестор тартуу керек. Программада санариптештирүү, фискалдаштыруу иштери да камтылган.
— Акыркы жылдары мамлекет ГЭС курууну каалагандарга бардык жеңилдиктерди берерин айтууда. Сиздерде бул жагы кандай?
— ГЭС курууга кызыккандар көп. Энергетика жаатында ири реформалар жүрүп жатат. Эл аралык финансылык корпорация менен чогуу Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарына кубаттуулугу 150 мегаватт болгон күн станцияларын куруу боюнча долбоор иштеп чыктык. Мындан тышкары, Жашыл энергетика фонду менен да тыгыз иш алып баруудабыз. "Ош жылуулук" муниципалдык ишканасынын бир отказанын модернизациялоону да колго алдык. Бул долбоор оң натыйжа берип экологияга зыянын тийгизбесе, келечекте Бишкек менен Оштун муниципалдык ишканаларынын отказандарын алмаштырабыз.
— Санариптештирүү жаатында кандай иштер аткарылууда?
— Азыр санариптештирүү жана жасалма интеллект доору келди. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча атайын платформабыз бар. Эми маалымат иштеп чыгуу борборун түзүү меморандумуна кол коюлат. Санариптештирүү багытында бир катар долбоорлор баштапкы баскычта турат.
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Батыш таңуулаган бир контурлуу экономикадан эки контурлууга өтчү мезгил келди. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0