Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Касымов: МЖӨнүн инвестициялык портфели миллиард доллардан ашты

© Sputnik / Асел АкматСтарший эксперт Центра государственно-частного партнерства КР Эрденет Касымов
Старший эксперт Центра государственно-частного партнерства КР Эрденет Касымов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун улук эксперти Эрденет Касымов 2022-2026-жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы кабыл алынганын белгиледи.
2021-жылдан бери Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун инвестициялык портфелинин суммасы миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Эрденет Касымов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Касымов: МЖӨнүн инвестициялык портфели миллиард доллардан ашты
Анын айтымында, МЖӨ — мамлекеттик кызматтарды сапаттуу көрсөтүүгө жана инфраструктураны өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген альтернативдүү ыкма.

"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча жаңы мыйзам 2021-жылы кабыл алынган. 2019-жылы атайын борбор түзүлүп, ыйгарым укуктуу органдар аныкталган. 2022-2026-жылдарга аталган тармакты өнүктүрүү программасы иштелип чыккан. Учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорду баалоо, даярдоо жана жеке өнөктөштөрдү тандоо боюнча типтүү документтер жана ар кандай чечимдер даярдалды. 2021-жылдан бери Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун инвестициялык портфелинин суммасы миллиард доллардан ашкан 68 долбоор түзүлдү. Алардын ичинен 20 долбоор боюнча макулдашууга кол коюлду. Ал эми алты долбоор сынак баскычында турат. Ошондой эле 42 долбоор макулдашууга кол коюу үчүн даярдоо баскычында", — деди Касымов.

Ошондой эле ал МЖӨ долбоорлорун мамлекет жана жеке тараптар дагы демилгелей аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0