Путиндин Кыргызстанга расмий сапары  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
РФ лидери Владимир Путин 12-13-октябрда Кыргызстанда болот. Ал Садыр Жапаров менен жолугуп, КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммитине катышат.

Жапаров менен Путин эртең кандай маселелерди талкуулай турганы айтылды

© Sputnik / Александр ДемьянчукКР президенти Садыр Жапаров жана РФ президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт
КР президенти Садыр Жапаров жана РФ президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
Ушаковдун айтымында, эки лидердин ЖМКга билдирүүсү, өкмөттөр жана ведомстволор аралык документтер пакетине колкоюусу күтүлүүдө.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров 12-октябрда экитараптуу кызматташууну, анын ичинде аскердик-техникалык кызматташтыкты талкуулап, актуалдуу эларалык маселелер боюнча пикир алмашат. Бул тууралуу РИА Новости РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаковго шилтеме берип жазды.
“12-октябрда президент Кыргызстанга расмий сапар менен барат. Анын алкагында Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болот. Лидерлер саясий, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана башка чөйрөдө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулашат”, — деди ал журналисттерге.
Ошондой эле алар актуалдуу эл аралык маселелер, интеграциялык процесстерге байланыштуу маселелер боюнча пикир алмашат.
“Бул Кыргызстандын быйылкы жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине, ал эми Россиянын Евразиялык экономикалык биримдикке төрагалык кылуусун эске алуу менен талкууланат”, — деп кошумчалады Ушаков.
Анын айтымында, эки лидердин ЖМКга билдирүүсү, өкмөттөр жана ведомстволор аралык документтер пакетине кол коюусу күтүлүүдө.
Путиндин сапарына бир катар маанилүү эки тараптуу иш-чаралар туш келди. Алардын арасында Россия менен Кыргызстандын өнөр жай кооперациясына арналган 10-аймактар аралык конференция бар. Жети облустун жана ири компаниялардын жетекчилигинен турган россиялык делегацияны вице-премьер-министр Алексей Оверчук жетектеп жатат, конференциянын катышуучуларына Путин менен Жапаровдун видеокуттуктоосу жолдонду.
“Мындан тышкары, эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн негизги өкүлдөрүнүн катышуусунда Россия-кыргыз ишкерлер кеңешинин жыйыны өтөт. Ошол эле учурда Россия менен Кыргызстандын “Достук” паркын салуу аземи да болуп өттү. Жалал-Абадда 13-октябрда Кыргызстандын Ош шаарында Россия менен Кыргызстандын ЖОЖ ректорлорунун үчүнчү форуму өтөт”, — деди Ушаков.
РФ президенти Владимир Путин Жалал-Абаддагы Россия-кыргыз аймак аралык конференциясына онлайн катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Путин: Россия Кыргызстандын бардык пайдалуу саамалыктарын колдойт
Жаңылыктар түрмөгү
0