59 жыл мурдагы "Восход-1" кемесинин туңгуч сапары. Видео

© Sputnik / Сергей Соловьев"Восход-1" кораблинин командири Владимир Комаров учуш учурунда
Восход-1 кораблинин командири Владимир Комаров учуш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Жазылуу
Мындан жарым кылымдан ашык мезгил мурда, тагыраагы, 1964-жылы 12-октябрда тарыхта алгачкы жолу СССРдин көп орундуу "Восход-1" кемеси космоско учкан.
Орбитага дароо үч космонавт: экипаж командири — Владимир Комаров, дарыгер — Борис Егоров жана окумуштуу, "Восход-1дин" конструктору Константин Феоктистов сапар алган.
Космоско биринчи ирет жарандык адистер кеткен, алар скафандрсыз учушуп, орбитада 24 саат 17 мүнөт болушкан. Советтик космонавттар Жерди 16 ирет айланышкан. Алар планетасына кайтканда Жерге жеңил конуу системасын алгач ирет пайдаланышкан.
Кийинки "Восход-2" кемесинин бортунан космонавт Алексей Леонов дүйнөдө биринчилерден болуп ачык космоско чыгып, тарыхта бул жаатта из салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0