АКШ Израилди сатып кетти. Башка союздаштары да камына берсе болчудай...

© AP Photo / Maya AlleruzzoИзраил менен Газа секторунун ортосундагы кырдаалдын курчушу
Израил менен Газа секторунун ортосундагы кырдаалдын курчушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Жазылуу
ХАМАСтын Израилге кол салышында курал-жарактын кеңири түрү менен куралданганы байкалды. Атап айтканда, автомат, жарым автомат, гранатомет, танкадан коргонууну тескөөчү ракеталык комплекс, дрондун ар кыл түрү пайдаланылды.
Үч күн аралыгында Израилге карай беш миңдей ракета кое берилди. Мынчалык көлөмдөгү курал аларда кайдан деген суроо салат Виктория Никифорова. Серепчинин аталган жагдай туурасында ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.
Дональд Трамптын уулу палестиналыктардын автоматтары Жакынкы Чыгышка мүнөздүү калашниковдор эмес, америкалык М4 экенине көңүл бурду. Республикачы парламентарий Маржори Тейлор Грин Пентагондон америкалык курал кантип "хамасчылардын" колуна тийгенин тезинен иликтөөнү талап кылды.
ХАМАС тарабынан Израилге каршы колдонулуп жаткан кандай гана америкалык курал болбосун, сериялык номеринин изин текшерүү үчүн Израиль менен иш алпарууга тийиш.
Афганстандан алып чыгыштыбы? Украинадан келдиби? Саясатчы "Твиттердеги" баракчасында жазгандай, бул эки вариант тең болушу мүмкүн. Иликтөө, албетте, керек.
Афганстандан качып чыкканда америкалыктар миллиарддаган долларлык курал-жарагын, анын ичинде танк менен учактарын да таштап кетишкен. 2021-жылдан бери алардын баары чөлкөмдө бөлүштүрүлүп жатат шекилдүү. Ошондой эле атайын аскердик операция башталганга чейин америкалыктар Украинаны курал менен түк көзөмөлдөбөстөн жабдып келгени белгилүү. Натыйжада мыйзамсыз чек аралар аралык курал сатуу боюнча ири хаб түзүшкөн. Кара деңиз аркылуу Жер ортолук деңизге аралык кыска, ошол жол менен америкалык курал Жакынкы Чыгышка өтүүдө. Мунун баарын Израилдегилер деле жакшы билген, ал тургай америкалык досторуна буга тынчсыздангандарын билдиришкен.
Июнь айында Израиль Армиясынын офицери ысымын жашыруу менен Newsweek журналына маек курган. "Ач көздүк украиначыл аскер бөлүктөрүн курал аткезчилиги менен алектенүүгө түрткөн, — деп белгилеген израилдик аскер. — Бул куралдардын баары "Хезболл" менен ХАМАС топторунун колуна өтүп кетеби деп чочулайбыз".
Демек, Байдендин администрациясы көп эскертүүлөргө карабастан, Жакынкы Чыгыштагы өзүнүн эң жакын жана берилген союздашынын коопсуздугуна кол шилтеп койгон. Мыйзамсыз жол менен Газа секторуна жеткен америкалык курал-жарактан канчалаган израилдик аскерлер, жай тургундар, аялдар жана балдар набыт болду. Ала кушту атынан атоо керек, бул – өз союздашын сатып кетүү.
Республикачылар айыптап, ал эми демократтар актанууга далалат кылууда. Дароо ирандык изди таап, биротоло Россияга күнөөнү оодара салуудан да айбыгышкан жок. Анткен менен Иран палестиналык топко эч кандай колдоо көрсөтпөгөнүн расмий түрдө билдирди. Атайын аскердик операция кызып, өздөрүнө зарыл болуп турганда россиялык аскерлерлер башкаларга эмнеге курал таратсын? Ал эми Дональд Трамп: "Байден Израилди сатып кетти", — деди. Европалыктар ушул ишти тыкыр карап чыкканы оң. Алар үчүн Россия баарына күнөөлүү, палестиналык-израилдик жаңжалда да ушундай. Европа биримдигинин жакырланып баратышы социалдык мамлекеттин кыйрашына алып баратат. Миллиондогон мигранттар Европага үмүттөнүп агылган жөлөк пул бир күнү таптакыр жоюлуп же нарксызданып калышы толук ыктымал. Кокус андай болсо, мынча адам эмне кылат, үй-бүлөсүн кантип багат?
Адатта Европадагы нааразылык акцияларын күч органдары аеосуздук менен таратат. Бирок бул жолу козголоңчулардын колунда курал-жарак жетиштүү болуп калса эмне болот? Европалыктар чындыктан айбыгып турушат: аткезчилик менен таралган америкалык курал-жарак бул континентке да жетери толук мүмкүн. Кокус Европада толук масштабдуу жарандык жаңжал тутанып кете турган болсо, АКШ бардык тарапка курал таратат. Ошол эле учурда мыйзамдуу өкмөттөрдү коргоо үчүн кол сунууну ойлоп да койбойт.
Россияга каршы берилип жаткан батыш куралы кайра кайтып, өздөрүнө карай мээленбейт деп так кесе да айтыш кыйын. Анда да Вашингтон көрмөксөн, укмаксанга салары ажеп эмес. Анын союздаштары менен мамилеси ушундай, бул – иш, жеке маселе эмес. Израиль буга далил.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Песков: Москва үчүн Палестина менен да, Израиль менен да диалогду улантуу маанилүү
Жаңылыктар түрмөгү
0