Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сариев: Кыргызстан — Россия өндүрүшүн үчүнчү өлкөлөргө алып чыгуу талкууланды

© Sputnik / Акбар АкжигитовСоода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев. Архивдик сүрөт
Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кыргызстан — Россия ишкердик кеңеши 2024-2025-жылдарда эки өлкө ортосундагы өндүрүш кооперациясын өнүктүрүү боюнча пландарды бекиткенин айтты.
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда эки өлкөнүн Соода палаталарынын алкагында түзүлгөн ишкердик кеңеш иштейт. Анын кыргыз тараптан да, орус жактан да төрагалары бар. Жыйындын алкагында биз өндүрүш кооперацияларын өнүктүрүү боюнча сүйлөштүк. Бул тууралуу Темир Сариев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Сариев: Кыргызстан — Россия өндүрүшүн үчүнчү өлкөлөргө алып чыгуу талкууланды
Анын айтымында, эки өлкө ишкерлери отурумдун алкагында төрт макулдашууга жетишкен.
"Жалал-Абадда уюштурулган Россия-кыргыз аймактар аралык конференциясында биз өз багытыбыздагы ишкерлер менен жолуктук. "Өнөр жай кооперациясы. Жаңы багыттар, жаңы өнүгүү" деген темадагы отурумда 2024-2025-жылдарда өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү багытындагы иш-чаралар тууралуу сөз болду. Өндүрүш кооперациясын түзүүдө биз Кыргызстанда же Россияда талаа өндүрүшчүлөрүнүн бирикмесин уюштуруп, андан чыккан товарды үчүнчү өлкөлөргө сатуу боюнча да кеп кылдык. Бул багыт эмне үчүн кызык, анткени ЕАЭБде өкмөт аралык кабыл алынган программа бар. Анда эгер Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн үчөө биригип кайсы бир жерге өндүрүш кооперациясын түзсө, берилген кредиттердин үстөк пайызы толугу менен дотацияланат. Бул ишкерликтин өнүгүүсүнө чоң түрткү, жаңы базарлар ачылат, техникалык, технологиялык тажрыйба алмашуу жүрөт. Биз орус-кыргыз ишкерлери мына ушуга бел байлап турабыз. Мындан сырткары, келе жаткан жылдын жай мезгилинде Ысык-Көлдүн жээгинде маданий бизнес-форум уюштурууну пландадык. Бул өз кезегинде Кыргызстандын туристтик потенциалын көрсөтүүгө да жол ачат", — деди Сариев.
Ал, мындан сырткары, Москва шаарында кыргыз балынын жана жаңгагынын көргөзмөсүн өткөрүү да макулдашылганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0