Путиндин Кыргызстанга расмий сапары  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
РФ лидери Владимир Путин 12-13-октябрда Кыргызстанда болот. Ал Садыр Жапаров менен жолугуп, КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммитине катышат.

Кыргызстан менен Россия соода жүгүртүү боюнча амбициялык пландарды койду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЖумушчулар товарларды жүктөп жатышат. Архив
Жумушчулар товарларды жүктөп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Жазылуу
Өткөн жылы товар айлантуунун көлөмү 37 пайызга жогорулап, 3,4 миллиард долларды түзгөн.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия товар айлантууну жылына 5 миллиард долларга жеткирүүнү каалап жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров билдирди.
Эске салсак, Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки президент тең пресса үчүн билдирүү жасашты.
Жапаровдун айтымында, президенттердин соода жүгүртүүнүн потенциалы толук ачыла электиги боюнча пикири бир жерден чыкты. Буга байланыштуу амбициялык деңгээлге, тагыраагы, соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү үчүн чара көрүү тапшырылды.
Путин өткөн жылы товар айлантуунун көлөмү 37 пайызга жогорулап, 3,4 миллиард долларды түзгөнүн, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча өсүш уланып жатканын айтты.
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаровго Ардак орденин такты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Күтүүсүз белек. Путин Жапаровго Ардак орденин тапшырган учурдун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0