Путиндин Кыргызстанга расмий сапары  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
РФ лидери Владимир Путин 12-13-октябрда Кыргызстанда болот. Ал Садыр Жапаров менен жолугуп, КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммитине катышат.

Жапаров: Путиндин сапары ири символикалык мааниге ээ

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапары
Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапары  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Жазылуу
Кыргызстан стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилени жогору баалай турганы белгиленди.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапары ири символикалуу мааниге ээ. Бул тууралуу Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров "Ала-Арча" резиденциясында өткөн жолугушууда билдирди.
"Сиздин сапарыңыздын символикалуу мааниси чоң. Анткени ал "Кант" авиабазасынын 20 жылдыгына жана Кыргыз-Россия Славян университетинин 30 жылдыгына туш келүүдө. Мындай белгилүү окуялар биздин эки тараптуу мамилелердин символу болуп саналат. Биз кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилени жогору баалайбыз", — деди Жапаров.
Эскерте кетсек, РФ лидери Владимир Путиндин расмий сапары бүгүн башталган. Ал эртең, 13-октябрда, өтө турган КМШ мамлекет башчыларынын саммитине катышат.
Владимир Путин Ата-Бейитке барып Үркүндүн курмандыктарын эскерди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Владимир Путин "Ата-Бейитке" барып Үркүндүн курмандыктарын эскерди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0