Путиндин Кыргызстанга расмий сапары  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
РФ лидери Владимир Путин 12-13-октябрда Кыргызстанда болот. Ал Садыр Жапаров менен жолугуп, КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммитине катышат.

РФ лидери Путиндин Кыргызстанга сапары. Жыйынтык видео

Жазылуу
Россия президенти Владимир Путин Кыргызстанга 12-октябрда келип, мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолукту.
РФ лидери "Ата-Бейитке" барып Үркүндүн курмандыктарын эскерип, мемориалга гүлчамбар койду. Ошондой эле эки өлкөнүн мамилесин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өлкө башчы Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады.
Президенттер күн тартибиндеги маселелерди жана биргелешип кызматташуунун келечегин талкуулашкан. Путин Кыргызстанга жасалган сапары бышып жетилгенин айтып, Кыргызстандын КМШга төрагалык кылган мезгилде жасаган иштерин жогору баалай турганын билдирген.
Ал Россия Кыргызстандын экономикасынын ири инвестору экенин белгилеп, өткөн жылы соода жүгүртүү 37 пайызга жогорулаганын кошумчалаган. Садыр Жапаров кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилени жогору баалай турганын белгиледи.
Тема боюнча:
Күтүүсүз белек. Путин Жапаровго Ардак орденин тапшырган учурдун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0