Сейрек көрүнүш. Өлкөдө депозитке салынган акчанын көлөмү кыскарды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом купюралары жана монеталары. Иллюстративное фото
Сом купюралары жана монеталары. Иллюстративное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Жазылуу
Акыркы убакта Кыргызстандын банктарында депозиттин көлөмү улам өсүп жаткан.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстанда депозиттин көлөмү дээрлик 3,8 миллиард сомго кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын ачык маалыматында жазылат.
Эске салсак, буга бир гана депозиттин (кыска мөөнөттүү жана керектөөгө чейинки) өзү эле эмес, банктык эсептеги акчанын көлөмү да кошулат. Кеп юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле чет элдиктердин эсеби тууралуу болуп жатат.
Депозиттик база жөнүндө маалыматтар:
июлдун аягында — 399 миллиард 23,7 миллион сом (рекорд);
августтун аягында — 395 миллиард 258,1 миллион сом.
Депозиттик база 3 миллиард 765,7 миллион сомго азайган. Бул эсептердеги каражаттын кыскаруусунан улам болгон (себептери көрсөтүлгөн эмес).
Акыркы жылдары депозиттик базанын көлөмү улам өсүүдө. Салыштыра турган болсок, 2021-жылдын июнь айынын аягында 200 миллиард сомдон (201,8 миллиард) ашып, ай сайын рекорд коюлуп жаткан. Депозиттин көлөмү ушул жылдын башында кыскарганы байкалган.
Акча. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Билип алыңыз! КРде депозиттин кайсы түрлөрү кепилдикке алынган
Жаңылыктар түрмөгү
0