Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖдорунун ортосунда 51 келишим түзүлдү

© Sputnik / Акылбек БатырбековОшМУда Кыргызстан менен Россия ректорлорунун III форуму өттү
ОшМУда Кыргызстан менен Россия ректорлорунун III форуму өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Жазылуу
ОшМУ 10 университет менен эки тараптуу кызматташуу жөнүндөгү келишимдерге кол койду.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда 51 келишим түзүлдү. Маалымат Ош мамлекеттик университетинин сайтына жарыяланды.
© Sputnik / Акылбек Батырбеков

Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда 51 келишим түзүлдү

Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда 51 келишим түзүлдү - Sputnik Кыргызстан
1/3

Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда 51 келишим түзүлдү

© Sputnik / Акылбек Батырбеков

Бүгүн аталган окуу жайда Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун III форуму өттү

Бүгүн аталган окуу жайда Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун III форуму өттү - Sputnik Кыргызстан
2/3

Бүгүн аталган окуу жайда Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун III форуму өттү

© Sputnik / Акылбек Батырбеков

Иш-чара пленардык отурумдар менен башталды

Иш-чара пленардык отурумдар менен башталды - Sputnik Кыргызстан
3/3

Иш-чара пленардык отурумдар менен башталды

1/3

Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда 51 келишим түзүлдү

2/3

Бүгүн аталган окуу жайда Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун III форуму өттү

3/3

Иш-чара пленардык отурумдар менен башталды

Бүгүн аталган окуу жайда Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун III форуму өттү. Иш-чара пленардык отурумдар менен башталды.
Жыйында "Заманбап университеттердеги илим жана инновациялар", "ЕАЭБдин экономикасын өнүктүрүү үчүн кадрларды даярдоо", "Келечектин педагогикасы: окутуунун жана тарбиялоонун жаңы ыкмалары" аттуу темалардын алкагында талкуу жүрдү.
Форумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда 51 келишим түзүлдү. Мындан тышкары, ОшМУ төмөнкү 10 университет менен эки тараптуу кызматташуу жөнүндөгү келишимдерге кол койду:
Б.Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университети;
Москва мамлекеттик лингвистикалык университети;
А.С. Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институту;
Казань федералдык университети;
Челябинск мамлекеттик университети;
Н.И. Лабочевский атындагы Нижний Новгород мамлекеттик улуттук изилдөө университети;
Түштүк федералдык университети;
В.Г. Короленко атындагы Глазов мамлекеттик инженердик-педагогикалык университети;
Калмык мамлекеттик университети;
Түндүк-Батыш мамлекеттик университети.
Форумга Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков, Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган жетекчилер жана эки өлкөнүн ректорлору катышты.
  III форум ректоров вузов Кыргызстана и России в Оше  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
ОшМУда Кыргызстан менен Россия ректорлорунун III форуму өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0