КМШ өлкөлөрүн мамлекеттик желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Бишкектеги КМШ саммити
12-13-октябрда Кыргызстандын борбор калаасында саммит өтөт. Ага КМШ мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Быйыл КМШ органдарына Кыргызстан төрагалык кылууда.

Путин Бишкекте саммиттен соң маалымат жыйын берди. Урунттуу учурлар

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүРA президенти Владимир Путин Бишкектеги КМШ саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында
РA президенти Владимир Путин Бишкектеги КМШ саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Жазылуу
Россиянын президенти маалымат жыйында КМШнын айланасындагы темалардан тышкары дүйнөлүк саясат тууралуу да суроолорго жооп берди.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Бишкектеги КМШ саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында бир катар билдирүүлөрдү жасады.
Урунттуу учурлары:
КМШда абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү өтө маанилүү. Бул боюнча баарыбыздын оюбуз бир жерден чыгып, өнүктүрүүнү макулдаштык;
“Кант” авиабазасы Аскар Акаевдин суранычы менен тез арада түптөлгөн. База — түрдүү экстремисттик аракеттерге жол бербей кармап турган фактор;
Армения КМШдан эч жакка чыккан жок;
КМШ мамлекеттеринин экономикадагы тенденциясы Европа биримдигине караганда позитивдүү, КМШда өсүш 2,2 пайыз, Европа биримдигинде 0,5 пайыз;
Карабах маселеси анын статусун аныктоодо жаткан. Бирок Армения Карабах Азербайжандын аймагы деп тааныгандан кийин тема жабылган. Россиялык тынчтык орнотуучулар Карабахта 2025-жылдын ноябрь айына чейин калышы керек. Алардын андан аркы аракетин өнөктөштөр менен талкуулайбыз;
Баку менен Еревандын ортосунда тынчтык келишимин түзүүгө жолтоо болчу көйгөй жок;
Батыштын куралы Украинадан чыгып кетип жатканынан күмөнүм жок. Украинада сатууга мүмкүн болгон нерсенин баары сатылууда. Бизде Жакынкы Чыгышка сатылып жатканы боюнча маалыматтар бар;
БУУнун линиясы боюнча Палестинага берилген убадалар аткарылышы керек.
ЖККУнун Кыргызстандагы бирдиктүү Кант авиабазасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Бишкектеги КМШ саммити
Путин: "Кант" авиабазасы экстремисттик аракеттерге жол бербей кармап турган фактор
Жаңылыктар түрмөгү
0