Аймактарды комбайн менен камсыздоо көйгөйү курч. Адистин маеги

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүТалаада буудай оруу
Талаада буудай оруу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Жазылуу
Жыл сайын октябрь айында өлкөдө агрардык техникалардын жана күзгү түшүмдүн көргөзмөсү өтөт. Дыйкандар колундагы техникаларды жаңыртууга муктаж.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялар департаментинин башчысы Нурланбек Кожогулов болду.
— Алдыда айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү жана азык-түлүк жарманкеси өткөнү турат. Ушул тууралуу маалымат берсеңиз?
— Быйыл “АгроТехЭкспо – 2023” жана “Алтын күз” жарманкеси октябрдын аягында өткөрүлөт. Көргөзмөдөгү ата мекендик өндүрүштүн жана сырттан келген экспонаттардын саны 200дөн ашат. Катышуучулар менен келген меймандар айыл чарба техникаларын, жаңы технологияларды, айыл чарбасына керектүү бардык товарларды, анын ичинен жаңы үрөндөрдү, өсүмдүктү коргоочу каражаттарды, ветеринардык дары-дармектерди жана вакциналарды сатып ала алышат. Анда биздин дыйкандардын колунда өстүрүлүп жаткан асыл тукум малдын да көргөзмөсү болот. Мындан тышкары, органикалык заттар да коюлуп, дыйкандар өндүргөн айыл чарба азыктары дүң баада сатылат. Бул мааракелик көргөзмө быйыл 10-жолу өткөрүлүп жатат. Экспозициянын аянты да көбөйдү, улам жаңы технологияларга көңүл бөлүп жатабыз. Өзгөчө сугат суусунун тартыштыгын, климаттык өзгөрүүлөрдү эске алып өсүмдүктүн жаңы сорттору, жаңы технологиялар менен сугаруу жабдууларын сунуштайбыз. Мындан сырткары, рынокто иштеген, бизден азык-түлүк сатып алууну каалаган бизнес структуралардын, өзгөчө Казакстан, Россия жана Кытайдан келиши күтүлүүдө. Өз ара жолугушуулар, келишимдерди иштеп чыгуу жүргүзүлөт. Ошондой эле жабдууларды, техникаларды сатып алууну каалаган дыйкандарга лизинг кызматы аркылуу каржылоо боюнча бет ачар программаларды өткөрүп, өнөктөшүбүз “Айыл банк”, “РСК банк”, “Кепилдик фонду” ААКы жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду да павильондорун ачып, банкинг кызматтарды көргөзүшөт.
— Бул иш-чаралардын жыйынтыгы менен кандай натыйжаларга жетүүнү көздөп жатасыздар?
— Жылдан-жылга катышууну каалагандар көбөйүүдө. Техникалардын, көрсөтүлгөн кызматтын сапаты да өсүүдө. Республикада биринчи жолу тамчылатып сугарууга керектүү жумшак түтүкчө чыгарылып баштады. Кытайдын ири компанияларынан да өз техникаларын сунуштагандары быйыл биринчи жолу биздин рынокко кирүүдө. Тоютту иштетүү үчүн Россиядагы ири инженердик борбор да жарманкеге чакырылды. Лизинг жыл сайын өсүүдө. Быйыл төрт миллиард сомдук чекке чейин жетүү оюбуз бар.
© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялар департаментинин башчысы Нурланбек Кожогулов
Директор департамента механизации сельского хозяйства Нурланбек Кожогулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялар департаментинин башчысы Нурланбек Кожогулов
— Көргөзмөдөн кийин айыл чарба техникаларын лизингге алууну каалагандар көбөйөбү?
— Лизинг операциялардын көлөмү, сатылган техникалардын саны да өсүп жатат. Демек, бул багытта көргөзмө өз ролун мыкты аткарууда. Ноябрдан баштап февраль-марттарга чейин дыйкандардан банктарга билдирмелер көп түшөт. Быйыл агроөнөр жайды каржылоо долбоору боюнча бир миллиардга жакын акча бөлүндү. Лизингди өнүктүрүүгө берилген насыялар 1,5 миллиард сомдун өлчөмүндө. Дыйкандардан түшкөн акчалар кайра эле каржылоого кетип, бул каражат элге техника алып берүүгө жүгүртүлүүдө. Ушул багытта биздин департаменттин адистери дагы эки багытта иштеп жатабыз. Кийинки жылдан баштап каржылоонун көлөмүн көбөйтүү оюбузда бар. Себеби жылдан-жылга дыйкандардан суроо-талап арбып жатат. Алардын суроо-талабын канааттандыруу үчүн узак мөөнөттүү, пайызы аз насыя менен камсыздашыбыз керек. Жаңы жылдан баштап “РСК банкы” да ушул багытта иш алып барууну көздөөдө.
— Лизингдин шарттарын айтсаңыз?
— Лизингди төлөө мөөнөтү он жылга чейин жана дыйкандын өздүк салымы он пайызды түзөт. Үстөк пайызы сом менен берилет. Ай сайын төлөп отурбастан лизинг алуучунун каалоосуна жараша жылына бир же эки жолу гана төлөйт. Бул жагы дыйкандын түшүмү колуна тийген убакка мерчемделген. Биринчи көргөзмөдө сатылган техникалардын төлөмү толук кайтарылды. 2011-жылдан бери 12,5 миллиард сомго техникаларды лизингге бердик. Башында лизинг алган дыйкандар бүгүнкү күндө 2-3-жолу кайрылып техникаларды алууда. Көбү мөөнөтүнөн мурда төлөөдө.
— Лизингге техника берүү үчүн кошумча каражат алып жатасыздар. Бул республикалык бюджеттен бөлүнөбү?
— Техникалардын баасы дүйнөлүк рынокто жогорулап баратат. Кыргызстанга ташып келүү чыгымдары менен кошо банктын алты пайызы да бар. Евразия өнүктүрүү банкынын Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна өтүнмө калтырганбыз, анын натыйжасында кошумча каражаттардын өлкөгө келишин күтүп жатабыз. Агроөнөр жай комплексин каржылоо үчүн да жылына бир жолу акча бөлүнөт. Мурунку долбоорлордон бюджетке 726 миллион сом кайтарылган. Азыр Финансы министрлиги менен макулдашып, ушул акчаны кайра сурап жатабыз. Лизингге берүү жана аны каржылоо жылына 5-6 миллиардга чыгышы керек. Себеби айыл жергесинде агрардык техникалар менен шаймандар эскирген, алардын көпчүлүгүн жаңыртып, дыйкандардын суроо-талабын канааттандыруу зарыл. Керектөөлөр өсүп жатат.
— Учурда айыл чарба техникаларына муктаждык кандай?
— Дыйкандардын колундагы техникалар көбөйүп калды. Дан комбайндары гана жетишпей жатат. Анткени баасы кымбат. Эң арзаны эле 10-15 миллион сомду түзөт. Аны ири кооперативдер гана алып жатат. Жылына Советтер Союзунан калган комбайндардын 10 пайызы иштен чыгууда. Мурда кубаттуулугу 120 аттын күчүнө жеткен комбайндар болсо, азыр кубаттуулугу 140-150 ат күчүнө жеткен күчтүү комбайндар алынып жатат. Сапаты төмөндөсө да мүмкүнчүлүгү жогорулап, оруп-жыюу жумуштарын үзгүлтүксүз жүргүзүп жатабыз. Башка өлкөлөрдөн да дан комбайндарын жардамга тартууну адатка айланттык. Суусамыр өрөөнүндө эгин аянты көп, быйыл 13 миң гектардан ашык жерге эгин айдалган. Көбүнчөсү арпа. Бирок өрөөндө алты эле комбайн бар. Биз Талас, Чүй, түштүк аймактарын кошкондо 65 комбайнды Суусамырга тартып, оруп-жыюуга жардам беришүүдө. Дыйкандарга тоолуу жерлерге ылайык чакан комбайндарды жана тракторлорду да сунуштайбыз. Аларды Россиядан, Европадан, Япониядан да алып келген ишкерлерибиз бар. Дыйкандар өздөрүнүн сураган, талап кылган бардык техникасын биздин рыноктон таба алышат. Көргөзмөдөн кызыккан суроолоруна жооп алып, техникаларды көрө алат.
Токойчу жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Эл токойдун маанисин түшүнүп жерди ижарага ала баштады. Токой кызматынын иши
— Республикада айыл чарба техникалары канча пайыз жаңырып калды?
— Техникалар жыл сайын жаңыланып турушу зарыл. Коэффициент боюнча алганда техниканы жылына 8-9 пайызын жаңыртып туруу керек. Жаңы техника менен толук жабдууга мүмкүнчүлүгүбүз жетпей жатат. Учурда жаңылоо боюнча 3-4 пайыздык чекке жетип калдык. Муну жылдан жылга көбөйтүү кажет. Ал эми комбайндардын үстөк пайызы 2 пайыздын тегерегинде болууда.
— Лизинг банктын шарттары менен гана берилет эмеспи. Анда техника сөзсүз түрдө жаңы болушу керектиги тууралуу шарт коюлганбы? Же...
— Техника дыйкандын колуна тийгенден соң бир-эки жылга чейин кепилдик мөөнөттө иштеши керек. Андан соң төлөө мөөнөтү 10 жылга чейин узартылат. 10 жыл ичинде техниканын бир тетиги бузулса компания оңдоп бериши шарт. Ал үчүн биздин өлкөдө борбору болушу абзел. Азыр германиялык компания менен иш алып барып жатабыз. Алар Бишкекке лизингдик борбор ачып, он жылга кепилдик бере турганы тууралуу банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Лизингге техника алууда банкка кепилдик берүүчү тарап керек. Айрым учурда кыргызстандыктар өздөрү эле чет элдик аукционго катышып техника алышат. Бул учурда ал фирманын Кыргызстанда тейлөө борбору болбогондуктан кепилдик бербейт. Ошол себептен банк насыя берүүдөн баш тартып жатат. Себеби техника бузулуп калса дыйкан төлөй албай калат. Ортодо банктын каражаты да күйүп, зыянга учурашы мүмкүн. Эгер компания техниканын иштешин толук карап, тетиктик бөлүк, сервистик кызмат менен камсыздаган техникалык компаниясын Бишкекте ачса, банк бул маселени чечүүгө даяр. Ошол себептен Германия менен сүйлөшүп жатабыз. Лизингдин шарты боюнча техника үзгүлтүксүз иштеши керек. Бүгүнкү күндө компаниялар өздөрү чыгарган техникаларга айдоочуларды да даярдап, окуудан өткөрүп калган.
— Трактордон тышкары себүүчү, соко өңдүү кошумча жабдыктарын да лизингге алса болобу?
— Албетте болот. Соко, мала, чөп чапкыч, таңгактагыч, сепкичтерге окшогон жабдыктар да лизингге берилет. Бардыгы бар. Трактор сатып алган фермерде 4-5 жабдык болушу керек. Анткени техника толук иштеши зарыл. Трактор акча таап, өз чыгымын акташы зарыл. Эски техникалардын темирлеринен жабдыктарды жасап алгандар бар. Кээ бирлер ушундай бизнес идея менен келишет. Аларга колдон келген жардамды беребиз. Кээ бирлер колдо болгон запастык техникалардан чогултуп жасагандыктан бир трактор экинчисине окшобойт. Ошол үчүн серия жок. Алар бир жылда бир же эки жылда бир трактор курашат. Ошондуктан серияга чыгып көп сатууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Алар изденип, ар кайсы жерден чогултуп жасашат.
— Техникага болгон баалар кандай өзгөрдү?
— Тилекке каршы, баалар барган сайын өсүп жатат. Себеби логистика абдан оорлоду. Мурун түз келүүчү техникалар айланма жолдор менен жетип жатат. Лизингди жаңы баштаганда Кытайдын ЮТО тракторлорун 870 миң сомдон бергенбиз. Анда 12-13 миң доллардын тегерегиндеги баа болчу. Бүгүн ошолор 22-23 миң долларды түзөт. Бардык техникалар жылына 5-6 пайызга кымбаттады. Жеңилдетилген насыяларды карап, дыйкандар кыйналып калбай турган жолдорду издештирип жатабыз. Ташып келген компаниялар да бекер иштебейт. Алар да чыгымдарын жабышы зарыл. Сырттан келген долларды улуттук валютага айлантып насыяны сом аркылуу берип, анын курсунун түшүп кетишин биздин Финансы министрлиги көтөрүүдө. Инфляция жылына жок дегенде 16-17 пайызга чыгып кетип жатат. Ал эми лизингдин үстөгү 6 эле пайызды түзөт. Бүгүн бюджет тобокелдикке барып, дыйкандарга келүүчү оорчулукту мойнуна алууда.
Талаада иштеген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Дыйкан биринчи кадамын топуракты анализдөөдөн башташы керек. Адистин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0