Бишкекте 51 жаштагы айдоочу Кайгуул милиционерин сүзүп кетти. Видео

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КРКайгуул милициясынын автоунаасы. Архив
Кайгуул милициясынын автоунаасы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кечээ, 13-октябрда, Бишкектин Жибек Жолу проспектиси менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде Audi-80 автоунаасынын 51 жаштагы айдоочусу жол кыймылын жөнгө салып турган Кайгуул милиционерин сүзүп кетти.
Патрулдук милициянын маалыматы боюнча, окуя саат 20.00 чамасында болгон.
Милиционер жабыркаганына карабай кесиптештери келип алмаштырганга чейин кызматтык милдетин аткарып турган.
Автоунаа айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө жүрүп жатат.
Автоунаанын дөңгөлөктөрүн алмаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Автоэксперт унаанын дөңгөлөгүн качан алмаштыруу керектигин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0