Бишкек — Ош жолунда маршруткалар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды. Себеби

© Sputnik / Жоомарт УраимовКоомдук транспорт. архивщик сүрөт
Коомдук транспорт. архивщик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Жазылуу
Чектөө кийинки жылдын 1-майына чейин киргизилди.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрынан тарта 2024-жылдын 10-майына чейин Бишкек — Ош жолу аркылуу сыйымдуулугу аз (16 орунга чейин) маршруттук автоунаалар, дөңгөлөктөрү кышкыга алмаштырылбаган минивендер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды. Мындай чектөө кыш мезгилинде жол кырсыктардын алдын алуу максатында киргенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык билдирди.
“Чүй облусунун Сосновка айылындагы жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы стационардык посттордо жүргүнчүлөрдү, анын ичинде сыйымдуулугу аз (16 орунга чейин) автобустар, ошондой эле кышкы дөңгөлөктөрү жок микроавтобустар менен жүргүнчүлөрдү ташууну токтотуу иштери күчөтүлөт”, — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу ЖКККББ айдоочулардан кышка автоунаасын даярдабай туруп Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу алыскы сапарга чыкпоону суранат.
Автоунаанын дөңгөлөктөрүн алмаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Автоэксперт унаанын дөңгөлөгүн качан алмаштыруу керектигин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0