БУУ: Газадагы суунун тартыштыгы 2 млн. адамды өмүр менен өлүмдүн ортосуна таштады

© AP Photo / Fatima ShbairИзраилдин аба соккуларынан кийин Газа тилкесиндеги кыйроолор
Израилдин аба соккуларынан кийин Газа тилкесиндеги кыйроолор - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Жазылуу
Муктаж болгондорго күйүүчү майды тез арада жеткирүү зарылдыгы айтылды.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Газа секторундагы суунун тартыштыгынан улам анклавдын эки миллиондон ашык тургунунун өмүрү кылдын учунда турат. Ал жерге тезинен күйүүчү май жеткирилиши керек. Бул тууралуу БУУнун палестиналык качкындарга жардам берүү боюнча агенттигинин пресс-релизинде айтылганын РИА Новости жазды.
“Суунун тартыштыгынан улам Газа сектору боюнча эки миллиондон ашык адамдын өмүрүнө коркунуч туулду. Бул эл үчүн өмүр менен өлүмдүн маселеси болуп калды. Эки миллион калкты суу менен камсыз кылыш үчүн Газага күйүүчү май тезинен жеткирилиши керек”, — деп агенттиктин башкы комиссары Филипп Лаццарини билдирген.
Уюм Газа секторунда суу өткөрүүчү станция менен коомдук түтүктөр иштебей калгандан бери таза суу түгөнүп баратканын билдирет. Мындан улам эл кудуктагы кир сууну ичүүгө мажбур болууда жана андан жуккан оорулардын күчөп кетүү коркунучу жаралууда.
“Биз тез убакта Газага күйүүчү май жеткиришибиз керек. Күйүүчү май — калкты таза суу менен камсыз кылуунун жалгыз жолу. Эгер андай болбосо, четинен жаш балдар, кары-картаңдар, аялдар өлө баштайт. Суу — акыркы үмүт. Мен гуманитардык жардамга коюлган блокаданы тез арада алып салууга чакырам”, — деди Лаццарини.
Эки тараптын тең каза болгон жай тургундарынын саны миңден ашты, ошондой эле бир нече миң израилдик жана палестиналык жарандар жаракат алышты. Мындан тышкары, Россиянын жана башка өлкөлөрдүн каза болгон жана дайынсыз жоголгон бир нече жарандары тууралуу да айтылган. ХАМАСтын туткунунда Израилдин 150 жараны бар экени болжолдонууда.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги тараптарды согушту токтотууга чакырды. Россиянын президенти Владимир Путиндин позициясына ылайык, Жакынкы Чыгыш кризисин жөнгө салуу БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан бекитилген "эки мамлекет" формуласынын негизинде гана ишке ашышы мүмкүн. Ал борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан 1967-жылы түптөлгөн көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүүнү жактайт.
Тараптардын аймактык кызыкчылыктарына байланыштуу чыккан Палестина-Израиль чатагы ондогон жылдар бою аймактагы чыңалуу жана кагылышуулардын себеби болуп келет. 1947-жылы СССРдин активдүү ролу менен, БУУнун чечими боюнча эки мамлекеттин — Израилдин жана Палестинанын түзүлүшүн аныктаган, бирок Израиль гана түзүлгөн. Израиль эки мамлекет принциби менен макулдашууну жарыялоо менен Палестина жерлерин толук бошотпой келет.
Израилдин аба соккуларынан кыйраган имараттардын жанында Газа тилкесинин тургуну - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
БУУ өкүлү: Газада тамак-аш түгөнүп баратат, бизге гуманитардык коридор керек
Жаңылыктар түрмөгү
0