Жалаа. Захарова ХАМАСты Россия курал менен камсыздап жатат дегенге жооп берди

© Фото / МИД РФ / Медиабанкка өтүүРФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архивдик сүрөт
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Жазылуу
Ал Россия чет өлкөлүк өнөктөштөр менен аскердик-техникалык кызматташтыкты жүргүзүүнүн иш жүзүндө да, мыйзам жүзүндө да эң натыйжалуу экспорттук көзөмөлдөө системасын түзгөнүн белгиледи.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова “Россия ХАМАС уюмун куралдандырууда” деген кептер жалган жалаа экенин айтты. Бул тууралуу ал Telegram-каналына жазды.
"Батыш өлкөлөрүндө Палестина-Израиль согушунда Россия ХАМАС уюмун курал-жарак, ок-дары менен каржылоого катышууда деген күнөө жабуу аракеттери жүрүүдө. Ал тургай Газа секторуна курал-жарактар Россиянын көмөгүндө орнотулган деген фантастикалуу жалаа жабуулар болууда", — деген Захарова бул кептерге жооп иретинде төмөнкүлөрдү билдирген.
Захарованын айтымында, Россия чет өлкөлүк өнөктөштөр менен аскердик-техникалык кызматташтыкты жүргүзүүнүн иш жүзүндө да, мыйзам жүзүндө да эң натыйжалуу экспорттук көзөмөлдөө системасын түзгөн.
"Тескерисинче, НАТО өлкөлөрү, алардын өнөктөштөрү жана колдоочулары тарабынан советтик/россиялык курал-жарак, ок-дарыларга аң уулоосу, ошондой эле алардын Батыштан түрдүү үлгүлөрүндөгү аскердик техникаларын жеткирүү менен киевдик режимди болгон бардык ыкмалар менен колдоосу эл аралык тармакта аскердик багыттагы продукцияларды берүүдөгү өздөрүнүн жоопкерчиликсиз мамилеси менен экспорттук-көзөмөлдөө режиминин кош стандарттуулугун айгинелейт", — деп белгилеген Захарова.
Анын айтымында, дүйнөлүк рынокто киевдик аскердик режимдин түзүлүшүн колдой турган нерселерди сатып алууда жасалмалуулук да, көмүскө схемалар да бар. Мында Захарова кеп "таза эмес" брокерлик компанияны колдонуу, жасалма фирмалар, келишимдер, сертификаттар жана товар жеткирүү үчүн документтер тууралуу болуп жатканын айткан.
"Чындыгында, коррупциялашкан Киев режимине алардын батыштык кожоюндары тарабынан жеткирилгендердин баары дүйнөгө көзөмөлсүз тарап жатат. Мындан украиналык аткаминерлер гана эмес, криминалдык структура, улуттар аралык кылмыштуу топтор, анан, албетте, Вашингтондо жана "жамааттык Батыш" өлкөлөрүнүн борбор шаарларындагы Россияга каршыбыз деген бийликтегилер пайда көрүшүүдө", — деген ТИМдин расмий өкүлү.
Украина аскерлери курал-жарактарды коюп жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Бишкектеги КМШ саммити
Путин Украинадан Жакынкы Чыгышка курал чыгып жатканы жөнүндө айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0