"Мындай болбошу керек". Венгрия Украинанын ЕБге киришине бөгөт коёт

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүВенгриянын борбору Будапешт шаары
Венгриянын борбору Будапешт шаары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Жазылуу
Венгриянын Тышкы иштер министрлиги Украинанын аракеттери эл аралык бардык нормаларга каршы келерин белгилеген.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Киев Закарпатье венгерлерине карата басмырлоо мыйзамдарын жокко чыгармайынча Будапешт Украинанын Европа биримдигине кирүү боюнча сүйлөшүүлөрүнө макулдук бербейт. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто билдиргенин РИА Новости жазды.
Дипломат Украинада билим берүү жөнүндөгү жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен венгер тилинде окуткан мектептерде сабактар аталган тилде жарым-жартылай эле өтүлүп жатканын айткан.
"Мындай болбойт. Бул эл аралык бардык нормаларга каршы келет. Бул еврей нормаларына да каршы келет. Ошондуктан Украинанын биримдикке кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу чечим кабыл алууда Венгрия венгерлердин укуктарын камсыздамайынча макулдугун бербейт", — деген Сийярто.
Анын айтымында, сабактардын венгер тилинде өтүлүшү 20 пайыздан 40 пайызга чейин кыскарууда.
"Тилекке каршы, бул абдан кейиштүү жагдай. 2015-жылдан бери баары жаман жакка өзгөрүүдө, дагы бир жолу кайталайм, мунун согуш менен такыр байланышы жок. 2015-жылдан бери украиналыктар менен чыр уланып келе жатат. Акыркы сегиз жылдан бери биз алар менен талашып-тартышып, венгерлерге мурдагы укуктарын кайра берүүсүн өтүнүп келебиз. Башка эч нерсе сураган жокпуз. Болгону венгерлердин сегиз жыл мурдагы укуктарын кайтарып берүүсүн гана айтып жатабыз", — деп белгилеген министр.
Сийярто буга чейин Венгрия жана Румыниянын демилгеси менен Европа биримдиги Украинадагы улуттук азчылыктардын абалы тууралуу Венеция комиссиясына кайрылуу чечимин кабыл алганын, Будапешт Киев анын чечимин аткарууга аргасыз болот деп ишенерин билдирген. Министрдин айтымында, Закарпатье венгерлеринин укуктары кайтарылмайынча, Будапешт Украинанын НАТО менен Европа биримдигине карай бир да аракетин колдобойт.
Киевдеги Эгемендүүлүк аянты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Украинада уйку жок. Израилдеги кырдаал Батыштын багытын буруп кетишине түйшөлүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0