Акчаны Telegram-каналдар аркылуу алмаштырбагыла! Улуттук банк эскертүүдө

© AFPTelegram тиркемесинин логосу. Архивдик сүрөт
Telegram тиркемесинин логосу. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2023
Жазылуу
Улуттук банк Telegram тайпалардын мүчөлөрү кылмыштуу жактардын өкүлдөрү болушу ыктымалдыгын айтты.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Улуттук банк элди Telegram-каналдар аркылуу акча алмаштырбоого чакырды. Бул туурасында анын маалымат кызматы билдирүү таратты.
Финансылык жөнгө салган тарап азыр ар кыл мессенжерлер, анын ичинде Telegram-каналдар менен ар кандай атка жашынган жеке адамдар жана башка жактар курс менен көлөмүн көрсөтүп, нак чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу боюнча маалыматтарды жарыялап жатканын белгиледи.
Улуттук банк мындай нерселер мыйзамсыз экендигин айтты. Бул иштери үчүн жеке жактар 17,5 миң, ал эми юридикалык тарап 55 миң сомдук айыпка жыгыларын эскертти. Лицензиясыз ишти системалуу түрдө жүргүзгөндүгү үчүн Кыргызстандын мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги каралганын кошумчалады.
Улуттук банк Telegram-тайпалардын мүчөлөрү кылмыштуу жактардын өкүлдөрү болушу ыктымалдыгын айтты. Жабдылбаган жайларда жеке жактар менен акча алмашуу жарандардын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч жаратышы, ошондой эле тоноп, алдап кетүү сыяктуу кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.
“Жогоруда айтылган жактардан накталай чет өлкө валютасын алмаштырган жарандар алданып калышы толук ыктымал, анын үстүнө ортодо кандайдыр бир талаш маселе жаралган учурда аны далилдөө мүмкүн эмес”, — деп айтылат таратылган маалыматта.
Валюталарды социалдык тармактар аркылуу алмаштырууда алдап кетүү, жасалма банкнотторду берип коюу фактылары көбөйүп кеткендигин да кошумча белгилеп, ведомство жарандарды Улуттук банктан лицензия алган, жабдылган атайын уюмдарда гана акчаларын алмаштырууга чакырды.
Акча алмаштыруу жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларын жоюп салуу сунушталууда
Жаңылыктар түрмөгү
0