Ак сөөктүгүнөн жазбаган Бакен Кыдыкееваны эскерүү. Актрисанын 100 жылдыгы

© Sputnik / Александр ФедоровСССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкеева
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2023
Жазылуу
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкееванын адамкерчилиги, турпаты, ак сөөктүгү баарына үлгү эле. Быйыл актрисанын 100 жылдыгы өткөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан редакциясында окумуштуу, изилдөөчү Аттокур Жапанов болду. Биз Бакен Кыдыкееванын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.
© SputnikОкумуштуу, изилдөөчү Аттокур Жапанов
Учёный, исследователь Аттокур Жапанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2023
Окумуштуу, изилдөөчү Аттокур Жапанов
— Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына карата анын баскан жолун, чыгармачылыгын изилдеп китеп жазып жаткан экенсиз. Кандайча бул темага кайрылып калдыңыз?
— Бакен Кыдыкеева апабыздын аты эле өзүнчө тарых. Ар бир улуттун сыймыктанган тарыхы, супарасы болот. Биздин сыймыгыбыз, супарабыз ушундай таланттуу инсандар менен түптөлүп келген. Энциклопедист болгондон кийин ар бир улуу инсандын таржымалын каныма сиңирип алам. Мектептен эле бул адамдар тууралуу не бир кызык кептерди угуп, эсиме түйө бергем. Кийин архивдик материалдарды карап, ар кандай маалыматтарды окуп жүрүп Бакен Кыдыкееванын өмүрүн көп каздым. Трагедиялуу тагдырын окуп ыйладым. Улам жазып жүрүп эле “эл да кабардар болсун” деген ниетте социалдык тармакка чыгара бердим. Бир күнү ТҮРКСОЙ уюмунан Султан Раев чалып, “мен китеп кылып чыгарып берем, жакшы жазып жатасың” деди. Андан бетер канат байлап, казып изилдедим. Ага чейин түшкө да аян берди. Аалы Токомбаевдин китеби даяр, анын 20 даанасын өзүм чыгарып, калганы турат. Андан кийин иликтеп баштаган Бакен эженин китеби басмаканада басылууда. Түшүмдө Токомбаев “мени коё тур, бул жакта бир кыз бар. Андан кийин мен” деп Кыдыкееваны көргөзгөндөй болду. Ошондон кийин таң калычтуу өзүнөн өзү “Түрксойдон” акча которулуп калды. Ага чейин дагы бир ирет түшүмдө студияда Бакен эже алдыда отуруптур, мен ага “эже, мен сизди билбей калбадымбы, 1993-жылы 23 эле жашта болчумун. Болбосо өзүм эле бакпайт белем” деп жатам. Түш да жардам берди го. Ошондон кийин архивдерге кирип, эженин асыл сөздөрүн, эмгегинин баарын таап, карап чыктым. Биздин архивдердин өтө начар абалынан, чаңынан оорусам да моюн бербедим. Ал кишиге арналып жазылган орусча 50 макаланын бирөө эле калыптыр, калганын кайчы менен кыркып алып кетиптир. Жок.
Бакен эже Төкөлдөштө бир маалыматта кедей дыйкандын, бир маалыматта прокурордун үй-бүлөсүндө 1923-жылы төрөлгөнү айтылат. Эмнеси болсо да атасы кыргыздын көрөңгөсүн кармап калган кыйын киши экен. Ошол үйгө Карамолдо Орозов, Саякбай Каралаев, Куйручук олуя, чоң куудул Шаршен Термечиков өңдүү залкарлар чогулушкан. Саякбай таң аткыча манас айтса, Бакен көз ирмебей карап отуруп укчу экен. Ошондо атасына “айланайын, бул кызың укмуш кыз болот” деп айтышчу тура. Залкарлардан бата алган кыз кенедейинен алардын айткан манасына, кептерине, черткен күүлөрүнө сүңгүп кирген. Сегиз жашында чачын кырктырып, атка эркек баладай секирип минчү экен. Фильмдеринде ат чаптырганын карап суктанганыбыз ошол. 13 жашында “Салтанат” фильминде роль аткарып СССРдин улуу артисттерин таң калтырган. Кайда жүрсө “кыргыз кызы” деген атты бийик алып жүргөн сонун киши болгон. Бир роль жаратуу үчүн көп китептерди, макалаларды окуп, ошол элдин маданиятын, менталитетин изилдейт. Катеринанын образын келиштире ачканына жадагалса орустар таң калган экен. Акценти жок бир репликасына эле зал шатырата кол чааптыр. Ал кишини көрө албагандар көп болгон. Өчөшкөндөр “ичип кетти, минтип калды” деген ушактарды чыгарышкан.
© Александр ФедоровОкумуштуу, изилдөөчү Аттокур Жапанов: Бакен Кыдыкеева апабыздын аты эле өзүнчө тарых. Ар бир улуттун сыймыктанган тарыхы, супарасы болот. Биздин сыймыгыбыз, супарабыз ушундай таланттуу инсандар менен түптөлүп келген.
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2023
Окумуштуу, изилдөөчү Аттокур Жапанов: Бакен Кыдыкеева апабыздын аты эле өзүнчө тарых. Ар бир улуттун сыймыктанган тарыхы, супарасы болот. Биздин сыймыгыбыз, супарабыз ушундай таланттуу инсандар менен түптөлүп келген.
— Чыгармачылыкка кантип аралашып калган?
— 1924-жылы Компартия элдин маданиятын жогорулатуу боюнча программа кабыл алганда Сабира Күмүшалиева, Абдылас Малдыбаев, Отунчу Сарыбагышевдер Төкөлдөшкө барып, жаш таланттарды тандашат. Сайра Кийизбаева менен Бакен Кыдыкеева экөө бийлеп, ыр айтат. Чыйылдаган үнүн Сарыбагышев жактырбай кетип калышат. Кийин №5 мектепке барышса Бакен эже дагы чыгат. Ошондо гана тандоодон өтүп, Жаш көрүүчүлөр театрына кабыл алынат. Бирок ата-энесине айтпай жашырынып иштеп жүрөт. Кызынын медик болуусун каалаган атасы актриса болушуна караманча каршы чыгат. Бирок кызынын театрсыз чүнчүп кеткенин көрөт. Акыры 13 жашында дебюттук ролун мыкты аткарганы үчүн кызынын сүрөтү гезитке чыкканын көрүп, атасы батасын берген. Өмүрү өткүчө ал киши театрга гүл көтөрүп барып, кызы катышкан спектакльдерди көрүп туруптур. Кичинесинде Калык Акиев үйүнө барганда “Курманбек” баш болгон дастандарды айтып берген да. Анын баарын бала кезинен мээсине сиңирип, жан дүйнөсү сугарылган Кыдыкеева Айганыш сыяктуу ролдорун кандай сонун аткарган. Советтер Союзу тарагандан кийин чыгармачылыктын туу чокусуна чыгып, экинин бири болуп турган залкарыбыз 70 жашында эч кимге кереги жоктой болуп калганы ыйлагыңды келтирет. Ооруп жатканда үйүнө телефон коюп берип койгонго жарашкан эмес. Кышында жайкы кийим менен театрга жөтөлүп келген күндөрү болуптур. Алтындарын, күмүш билериктерин, кийимдеринин баарын саткан. Анткени ошол кезде кыйын заман болгон. Эл да кыйналып турган. Залкар талантты көрө албастыктан улам ошол деңгээлге жеткиришкен. Бир кезде Кыдыкееваны сахнадан көргөн Никита Хрущев, Алексей Косыгиндер “мындай сулууну дүйнөнү кыдырып көргөн эмеспиз. Орто Азияда мындай сулуу кайдан?” деп сурашкан экен.
© Александр ФедоровОкумуштуу, изилдөөчү Аттокур Жапанов: Бакен эже театр дегенде баарын унутуп, берилип иштеген адам болгон
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2023
Окумуштуу, изилдөөчү Аттокур Жапанов: Бакен эже театр дегенде баарын унутуп, берилип иштеген адам болгон
Балдары тууралуу маалыматыңыз барбы?
— Бакен эже театр дегенде баарын унутуп, берилип иштеген адам болгон. Азыр баласынын жашы 70терге чыгып калыптыр. Кичинесинде эже гастролго кеткенде бала багуучусу столдон кулатып жиберип, белин мертинтип алган экен. Бир кызы жаш кезинде эле каза болуп калыптыр. Кийин Бишкекте жашаган үйүнө барсам көчүп кетишиптир. Бирок 85 жаштагы орус кемпирге жолуксам “Бакен кандай гана сулуу, керемет аял болчу. Улуу актриса эле” деп көп нерсени айтып берди.
— Бакен Кыдыкееваны жаратылышынан ак сөөк болгонун айтышат...
— Кыдыкеевага арналып үч китеп жазылган. Алгач 1974-жылы чыккан китепке “кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн” деп жазып коюшкан. Себеби саясат ошондой болгон. Кийин 10 жыл өтүп “мугалим, прокурор” кылып өзгөртүшкөн. Ал кишини көрүп-билгендердин эскерүүсүнө караганда, эже түптүз баскан, чыкыйып кийинген ак сөөк адам болуптур. Анысы канына сиңген дешет. Бир ирет да сөлбүрөп турганын көрүшпөптүр. Жадагалса мусапыр болуп калган кезинде да түптүз басып, ак сөөктүгүнөн жазбаптыр. Кыйналганын билдирчү эмес дешет. Ак сөөк адам намыскөй да болот. Бирок тукумун, ата-тегин казып изилдеген адам болбогон. Кыргыздын не бир залкарлары анын атасынын үйүнө дайым барып турганынын өзү эле ата-энесинин жөн адам болбогонунан кабар берет.
Станислав системасы менен өзүн тарбиялаган Кыдыкеева бала кезинде эле Сайра Кийизбаева экөө балдарды чогултуп алып, роль аткарып оюн коё беришчү экен. Ушунун өзү ага мектеп болгон. Өзү да шакирт катары Таттыбүбүнү театрга келген биринчи күнүнөн баштап тарбиялаган. Эки актрисанын сахнада роль жаратканы, тагдыры да окшош болуп калганын карачы.
© Sputnik / Александр ФедоровОкумуштуу, изилдөөчү Аттокур Жапанов: азыр Бакен Кыдыкееванын өмүр баяны 500 даана китеп болуп чыгууда. Андан тышкары, ал кишиге арналган макалалар, өзүмдүн социалдык тармакка жарыялаган изилдөөлөрүмдөн турган эки томдукту даярдап турам.
Съемки фильма Выстрел на перевале Караш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2023
Окумуштуу, изилдөөчү Аттокур Жапанов: азыр Бакен Кыдыкееванын өмүр баяны 500 даана китеп болуп чыгууда. Андан тышкары, ал кишиге арналган макалалар, өзүмдүн социалдык тармакка жарыялаган изилдөөлөрүмдөн турган эки томдукту даярдап турам.
— Улуу актрисанын трагедиялуу тагдырынын себеби эмнеде болгон?
— Эженин бетке айткан чынчылдыгынан, көк жалдыгынан улам эки жолу театрдан куушкан. Ал репетиция жасап жаткан убакта чымындын үнү угулчу эле дешет. Бир ирет театрдын алдында тартып турган бирөөгө Кыдыкеева “ай, сасыбай жүрчү” деп басып кетет. Мындай учурлар көп. Анан, албетте, тигилер да өчөшөт. “Сасыбай жүрчү” дегени биринчиден, тамекиси, экинчиден, “ушак айтпай жүр” деген маанини камтыйт. “Бакен келе жатат” дегенде баары айбыкчу дешет. Ушунун баары китепте камтылган. Бакен эжени көрө албай бут тоскондорду билем. Бирок ачык айтпай эле коёюн. Изилдеп көрүп, алардын тукуму да ошол ата-энесинин кылган кыянатынын азабын тартып жатышканын көрдүм.
Азыр Бакен Кыдыкееванын өмүр баяны 500 даана китеп болуп чыгууда. Андан тышкары, ал кишиге арналган макалалар, өзүмдүн социалдык тармакка жарыялаган изилдөөлөрүмдөн турган эки томдукту даярдап турам. Буга колдоо көрсөткөн кишилер болсо же мамлекет 100 жылдыгына карата чыгарып берсе жакшы болор эле. Аларды бекер эле маданий мекемелерге, окуу жайларга таратат элем. Бир жылдык эмгегим талаага кетпесин. Эми мындан ары эжени изилдегендер болобу же жокпу, белгисиз.
Актрисанын өмүр баянын көрө албастар да бурмалашкан. Үй-бүлөсүнө киришип, эки турмушунан тең ажыраткан. Өлгөн жылын да ар ким ар кандай жазышыптыр. Каза болгондо да эч ким тааныбай өлүкканада 14 күн жатып калган соң орус медайым таанып жатпайбы.
Бактысын да, азабын да театрдан тапкан Бакен Кыдыкеева. Видео эскерүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2023
Бактысын да, азабын да театрдан тапкан Бакен Кыдыкеева. Видео эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0