21-октябрга чейинки Кыргызстандагы аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПарктын үстүнөн чымчык учуп баратат. Архивдик сүрөт
Парктын үстүнөн чымчык учуп баратат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2023
Жазылуу
Синоптиктердин айтымында, Бишкекте келерки апта ичи жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 15-21-октябрь аралыгына карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Чүй жана Талас облустары

15-20-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-октябрда күндүз тоолуу райондорго жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт.

Ош облусу

Бул аймакта 17-октябрга чейин күн ачык болот. 18 жана 21-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Андан кийин кайрадан күн ачык болот.

Жалал-Абад жана Баткен облустары

15-20-октябрда күндүн көзү бузулбайт. 21-октябрда күндүз тоолуу райондордо жамгыр жаап, кар түшүшү күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

15-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-18-октябрда жаан-чачын болбойт. 19 жана 21-октябрда күндүз бийик тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонууда.

Нарын облусу

Аймакта жума бою күн ачык болот. Бирок 21-октябрда күндүз тоолуу райондордо жамгыр, кар жаашы күтүлөт.
Жамгыр учурунда кол чатыр кармаган аялдар көчөдө бара жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Катуу суук түшөбү? Ноябрга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0