Кыргызстандын ички дүң продукциясы 4,2%га өстү. Кайсы тармак өнүгүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом акчасы. Архивдик сүрөт
Сом акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) алдын ала баалоо боюнча 808 миллиард сомдон ашып, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,2 пайызга көбөйдү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
“ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү жана азык-түлүккө болгон салыктардын эсебинен болду”, — деп жазды ведомство.
Өткөн жылдын тогуз айына караганда быйыл өсүү темпи азык-түлүк салыгында 5,5 пайыз, кызмат көрсөтүүлөрдө 5,1 жана товар өндүрүү тармагында 2,4 пайызга көбөйгөн.
Экономиканын кайсы секторунда өсүш болду:
курулуш — 13,7 пайыз;
кызмат көрсөтүү — 5,1;
өнөр жай — 0,4;
айыл чарба тармагында өсүү болгон эмес.
Алтын куймалары. архивщик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Кыргызстан 8 ай ичинде 8,7 тонна алтын сатты. Кимдер алды?
Жаңылыктар түрмөгү
0