Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Путин: Украинанын контрчабуулу аксабай эле толугу менен ишке ашкан жок

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт
Россиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2023
Жазылуу
Венгриянын ТИМ башчысынын билдирүүсү да Россия лидеринин пикири менен дал келүүдө.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Украинанын контрчабуулу ишке ашкан жок. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин Павел Зарубиндин “Россия 1” телеканалындагы “Москва. Кремль. Путин” программасына берген маегинде билдирди.
Журналист атайын аскердик операция зонасындагы кырдаал тууралуу сурап жатып Киев контрчабуул аксап жатканы тууралуу айтканын белгилеген.
“Контрчабуул тууралуу айта турган болсок, ал аксап жатат дешүүдө, анысы толугу менен ийгиликсиз болду. Ошентсе да өзүнчө белгиленген тилкелерге украин тарап чабуул коюуга активдүү даярданып жатат. Биз баарын көрүп турабыз, демек, өзүнө жараша чара көрбүз”, — деп жооп берди Путин.
Ал арада Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто дагы контрчабуул ишке ашпаганы тууралуу билдиргенин РИА Новости жазды.
“Россияга карата санкциялардын кеспети кимге көбүрөөк — бизге же Москвага тийип жатканын талкуулашыбыз керек. Россияны экономикалык жактан чөгөлөтүү максатына жеттиби, ошону карашыбыз керек. Натыйжада андай болбой жатат”, — деди Сийярто.
Ошондой эле министр учурда бул маселе Европа биримдигинде талкууланбай жатканын белгиледи.
Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Индияда Зеленскийдин кийинки кадамы бир топ опурталдуу болору болжолдонду
Жаңылыктар түрмөгү
0