Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

"Бирдиктүү терезе" аркылуу фитосанитардык сертификаттар да берилүүдө

© Sputnik / Асылбек БактыбековЭкономика жана коммерция министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе" борбору мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Каныбек Худайбердиев
Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе борбору мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Каныбек Худайбердиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе" борбору мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Каныбек Худайбердиев өлкөдө санариптик реформаларга өзгөчө маани берилип, бизнеске шарт түзүлүп жатканын айтты.
Ушул жылдын 1-сентябрынан тарта ишкерлер "Бирдиктүү терезе" системасы аркылуу фитосанитардык сертификаттарды онлайн алышына мүмкүнчүлүк ачылды. Бул тууралуу Каныбек Худайбердиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Бирдиктүү терезе" аркылуу фитосанитардык сертификаттар да берилүүдө
Анын айтымында, "Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе" борбору Айыл чарба министрлиги менен чогуу иштеп, тиешелүү бардык уруксат документтерди ишкерлерге берүүнүн функционалын ишке киргизди.
"Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын, уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү болуп саналат. Учурда өлкөнүн бардык структураларында санариптик реформалар жүрүп жатат. Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө маалыматтык, технологиялык коммуникациялар ишке кирүүдө. Ага байланыштуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана уруксат берүү документтерди санариптештирүү боюнча саясатка биздин мекеме активдүү катышып жатат. Алсак, ушул жылдын 1-сентябрынан баштап Айыл чарба министрлиги менен бирге иштеп, Ветеринардык кызмат жана өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин ветеринардык, фитосанитардык сертификаттарын онлайн бере баштадык. Өз кезегинде бул бюрократиялык иштерге бөгөт коюп, коррупциялык элементтерди жоёт", — деди Худайбердиев.
Ошондой эле адис тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн бериле турчу уруксат документтерди берүүдө бардык коопсуздук маселесине көңүл буруларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0