Газадагы операциянын геноцидге кептеши мүмкүн экени айтылууда

© AFP / JACK GUEZИзраильдин соккуларынан кийинки Палестинадагы абал
Израильдин соккуларынан кийинки Палестинадагы абал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
Жазылуу
Уюмдар Газа секторундагы алааматтын отун узартпай өчүрүү боюнча аракеттерди көрүүнү талап кылышты.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Израиль армиясынын Газа сектору боюнча жасаган кургактагы операциясы геноцидге алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Араб мамлекеттеринин лигасы (АМЛ) менен Африкалык союздун биргелешкен билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды.
"Израилдеги кургакта жасалчу операциянын жай тургундар, балдар жана аялдар арасында көп жоготууларды алып келери шексиз. Ал болуп көрбөгөндөй геноцид болуп калышы ыктымал", — деп айтышкан аталган лиганын башкы катчысы Ахмед Абуль Гейт менен Афрокомиссиянын башчысы Муса Факи Махамат жолугушканда.
Уюмдар Газа секторундагы алааматтын отун узартпай өчүрүүнү жана Палестина элине гуманитардык жардамды чукул арада көрсөтүү боюнча макулдашкан аракеттерди көрүүнү талап кылышты.
"Эки уюм тең Бириккен Улуттар Уюмун жана дүйнө коомчулугун биздин көз алдыбызда болуп кетчү апаатты кеч болуп кете электе токтотуп калуу үчүн бекем позицияны ээлөөгө чакырат", — деп айтылат кайрылууда.
АМЛ менен Африкалык союз эки мамлекеттин жанаша жашоосунун концепциясына негизделген саясий чечим коопсуздук менен тынчтыктын жалгыз кепилдиги болорун белгилешкен.
7-октябрда Израилге Газа сектору тараптан чабуул жасалганы боюнча маалыматтар тараган. Аталган өлкөнүн билдиргенине караганда, ХАМАС аскерлери ракета менен жапырт аткылаган соң Израилдин түштүгүндөгү чектерине кирип келген. Аталган уюмдун аскер канаты жарыялаган аскердик операциясын "Аль-Акса топон суусу", ал эми Израиль тарап "Темир кылыч" деп атады.
Эки жактан тең тирешүү күчөдү.
Израиль мурдараак Газа секторунун блокадада каларын жарыя кылып, суу, электр кубаты, дары-дармек жана отун берүү токтотулган.
Израиль Газанын таш-талканын чыгара турганын улам жаңы билдирүү менен айтууда. Соңку маалыматында JDAM бомбалары менен сокку уруу пландалып жатканы боюнча кабар таратышты. Эл аралык уюмдар Газа секторунун жашоочуларына гуманитардык жардамдын зарылдыгын айтууда.
Кийинки маалыматтарга таянсак, анклавдагы курмандыктардын саны 2,4 миң кишиге чукулдаган.
Мындан бир нече күн мурда ХАМАСтын колунда 150 израилдик турганы айтылган.
Газа сектору. Аохивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2023
ХАМАС эки шарт менен туткундарды бошотууга макул болгонун ЖМКлар жазды
Жаңылыктар түрмөгү
0