Садыр Жапаров: Көлбаевдин жок кылынышынын мыйзамдуулугу тергелип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековТергөөчү папканын ичиндеги иш кагаздарды изилдеп жатат. Архивдик сүрөт
Тергөөчү папканын ичиндеги иш кагаздарды изилдеп жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Камчы Көлбаев жок кылынган операциянын мыйзамдуулугу тергелип жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып айтты.
Өлкө башчы кримтөбөлдүн жок кылынганын көпчүлүк сыяктуу эле интернет булактарынан окуганын белгилеген.
"Операция кандай болгон, мыйзамдуубу же мыйзамсызбы, тез арада тергөө иши жүргүзүлсүн деп иш Аскер прокуратурасына берилди. Азыр тергөө жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтөлү", — деди Жапаров.
Эскерте кетсек, "мыйзамдагы ууру" атыккан кримтөбөл Камчы Көлбаев 4-октябрда жок кылынган. Атайын операцияны УКМК жүргүзгөн.
Атайын кызматтын аскерсери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
УКМК: Көлбаевдин өчүн алууга келген үч чет элдик Өзбекстанга өткөрүп берилди
Жаңылыктар түрмөгү
0