Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Путин: Украинадагы атайын операция — согушту токтотууга болуп жаткан аракет

© Sputnik / Станислав Красильников / Медиабанкка өтүүУкраинанын куралдуу күчтөрүнүн Северский багытындагы позицияларына снаряддарды атуу
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Северский багытындагы позицияларына снаряддарды атуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
Жазылуу
Баары АКШнын Украинаны НАТОго сүйрөшүнөн башталып, кесепети чатактын ырбашына алып келген.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин Россиянын Украинадагы атайын операциясы согуштун башталышы эмес, аны токтотууга жасалып жаткан аракет экенин Кытай медиакорпорациясына маек берип жатканда айткан.
Кытайлык журналист президентке Украина кризисинин тынчтык жолу менен чечилишин жана тынчтыктын качан орноору боюнча суроо узаткан.
"Согуштук аракеттер биздин атайын операциядан эмес, андан бир топ эрте, 2014-жылы Батыш мамлекеттери президент Виктор Янукович (Украинанын ал кездеги президенти - ред.) менен оппозициянын ортосундагы кепке келүүгө кепилдик берем деп чыккандан тарта башталганын эске салгым келет. Алар кепилдигин эки күндөн кийин унутуп коюп, анысы аз келгенсип, мамлекеттик төңкөрүштүн болушун шартташты. Ал эми АКШнын администрациясынын адамдары буга оңбогондой акчаларды коротушканын түз эле айтып чыгышкан. Менимче, ала беш миллиардды оозанышкан. Эми ошондой эле болсо керек", — деген Путин.
Путин Минск келишимин эске салып, Россия чатак отун өчүрүүгө болгон аракетин жумшагандыгын белгиледи. Буга ичи чыкпаган Киев жетекчилиги аягында аталган документ жакпастыгын жана анда жазылгандарды аткаруудан баш тартарын жар салышкан. Мунун баары АКШнын Украинаны НАТОго сүйрөшүнөн башталып, кесепети чатактын ырбашына алып келген.
"Украина суверендүүлүгүн Көз карандысыздык боюнча декларациянын негизинде алган. Андагы негизги тезисте Украина нейтралдуу мамлекет экендиги айтылган. Жок, 2008-жылы эмнегедир эле эч кандай кризиссиз эле НАТО Украинаны күтүп жатат деп жар салышты. Эмне үчүн? Бул азыркыга чейин эч кимге түшүнүксүз болуп келет. Анан 2014-жылдагы кризис жаралды да, согуштук аракеттер башталды. Мунун баары эскалациянын дагы өйдөлөп, дагы жаңы деңгээлге чыгышына алып келди. Андыктан Россиянын Украинадагы атайын операциясы — согуштун башталышы эмес, аны токтотууга жасалып жаткан аракет", — деп түшүндүргөн Путин.
РФ президенти Владимир Путин “Валдай” эл аралык жыйынында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россиянын кошумча территориялуу болуу ниети жок
Жаңылыктар түрмөгү
0