Бишкекке Карачиден транзиттик жүк жүктөлгөн алгачкы автоколонна келет

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы катары Пакистандын Улуттук логистика корпорациясынын башкы директору Фаррух Шахзад Рао менен жолуккан
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы катары Пакистандын Улуттук логистика корпорациясынын башкы директору Фаррух Шахзад Рао менен жолуккан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Жазылуу
Министрлер кабинети Пакистандын портунан Кыргызстандын ордо калаасына чейинки транспорттук коридорду өнүктүрүү маселеси боюнча иштеп жатат.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жакынкы күндөрү Кыргызстанга Карачи — Кашкар — Бишкек транспорттук коридору менен транзиттик жүк жүктөлгөн алгачкы автоколонна келет. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.
Ушу тапта өкмөттө Карачи — Бишкек эл аралык транспорттук коридорду өнүктүрүү маселеси иштелип жатат. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы катары Пакистандын Улуттук логистика корпорациясынын башкы директору Фаррух Шахзад Рао менен жолуккан.
Байсалов Карачи Кыргызстан үчүн эң жакынкы деңиз порту экенин эске салды. Ал президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанды "Чыгыш — Батыш" сыяктуу эле "Түндүк — Түштүк" каттамы боюнча транспорттук хабга айлантуу демилгеси тууралуу айтып берген.
"Генерал Шахзад Рао Карачи — Кашкар — Бишкек транспорттук коридору жыл бою иштей турган режимге өткөрүлгөнүн, жакын арада Бишкекке транзиттик жүгү менен алгачкы автоколонна келерин билдирди. Пакистан делегациясынын өкүлдөрү NLC ишмердүүлүгү жана анын Кыргызстан менен кызматташуусунун келечеги тууралуу маалымат беришкен", — деп жазылат кабарда.
Байсалов Пакистан тарапка соода-логистикалык максаттар үчүн биргелешкен ишкана жана аталган компаниянын Бишкекте өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.
Бишкекке дагы 58 жаңы автобус алып келинди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
Бишкекке дагы 58 жаңы автобус алып келинди. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0