Динара Кутманованын уулун Түркиядан алып келишти. Видео

© Sputnik / Максим БлиновКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Жазылуу
Эсеп палатасы фонд 720 миллион сомду башка максаттарга пайдаланганын, анын кесепетинен мамлекетке келген чыгым 192 миллионду чапчыганын билдирген.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. УКМК Жаратылыш ресурстары министрлигинин мурдагы жетекчиси Динара Кутманованын уулу Кемел Кутмановду Түркиядан кармап келди. Бул туурасында атайын кызмат билдирүү таратты.
Кемел Кутмановду Стамбул шаарынан кармашкан. Мурдараак анын бир аз убакыт ичинде бир нече өлкөгө каттаганы да айтылган.
Кутмановдун Жаратылыш ресурстары министрлиги менен "Жашыл мурас" фондунун ишине түздөн-түз кийлигишкендиги жана долбоорду каржылоо суммасынын 10 пайыз өлчөмүндө "үлүш акы" алып тургандыгы боюнча түз далилдер алынып, жалпы сумма 7 миллион сомго чамалап барарын айтышты. УКМКнын билдиришинче, "Жашыл мурас" КФ долбоору боюнча 7 миллион 560 миң сом алган.
"Анын үстүнө Кемел Кутманов "Кумтөр голд компани" ишканасынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө фонддун ишмердүүлүгүн түздөн-түз көзөмөлдөп, Жаратылыш ресурстары министрлигине өзүнүн досторун жогорку кызматтарга дайындатып турган", — деп айтылат маалыматта.
Эсеп палатасы фонд 720 миллион сомду башка максаттарга пайдаланганын, анын кесепетинен мамлекетке келген чыгым 192 миллионду чапчыганын билдирген. Улуттук коопсуздук органдары мамлекеттин кирешесине анын ичинен 56 миллион сомду кайтарган.
Динара Кутмановага уулун, уулунун досун, эжесин жана үй кызматчысын коррупциялык ишке аралаштырган деп айып тагылып келет.
Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Жапаров: Кутманова баласын качырыш үчүн "уурдап кетти" деп спектакль уюштуруптур
Жаңылыктар түрмөгү
0