Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бишкекте ЕЭК министрлери катышкан экономикалык конференция өтөт

© Sputnik / Асылбек БактыбековМуса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университетинин ректору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Кадыралиев
Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университетинин ректору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Жазылуу
Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университетинин ректору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Кадыралиев окуу жайдын 70 жылдыгына арналган экономикалык форум өтөрүн айтты.
Ушул жылдын 25-октябрында "Экономикалык реалдуулуктун жаңы чакырыктары" деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, ага Россия, Венгрия, Азербайжан, Өзбекстан жана Кыргызстандын экономика жаатындагы адистери катышат. Бул тууралуу Алмаз Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстандыктардын финансылык сабаттуулугуна баа берилди
Анын айтымында, иш-чара академиялык диалог, тажрыйба алмашуу жана экономика тармагындагы жаңы идеяларды өнүктүрүү үчүн аянтча болуп берет.
"16-октябрдан 25-октябрга чейин Кыргыз экономикалык университетинде окуу жайдын 70 жылдыгына арналган экономикалык форум өтөт. Иш-чара академиялык диалог, тажрыйба алмашуу жана экономика тармагындагы жаңы идеяларды өнүктүрүү үчүн аянтча болуп, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы окуу жайлардын кызматташтыгы да талкууланат. Конференцияга министрлер кабинентинин төрагасы Акылбек Жапаров, өкмөт мүчөлөрү, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөлөрү, министрлер катышат", — деди Кадыралиев.
Ошондой эле адис конференция Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон илимий изилдөөлөргө багытталганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0