Газадагы кырдаалдын эпкини: Батыштагы ЖМКлардагы чайпалуу

© Sputnik / Алекс Макнотон / Медиабанкка өтүүРяд СМИ могут признать в России иноагентами
Ряд СМИ могут признать в России иноагентами - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Жазылуу
Гезит белгилүү карикатурачы менен Израилдин премьеринин "антисемиттик" сүрөтү үчүн келишимин жокко чыгарган.
БИШКЕК, 17-окт. – Sputnik. BBC News телеканалы алып баруучулар Палестинага тилектештигин билдирип жүрүштөргө катышкан адамдарды ХАМАСты колдойт деп атагандан кийин кечирим сурады. Бул туурасында Sputnik Армения жазды.
"Ошентип баштар алдында айтарым: буга чейин BBC News эс алуу күндөрү өткөн палестин демонстрацияларын кабарлаганбыз. Улуу Британия боюнча болгон бир нече жүрүштөрдө кишилер ХАМАСты колдогондугун билдиргенбиз. Бул туура эмес айтылып, Палестинаны жактаган демонстрациялар боюнча жаңылыштыкты жаратканын мойнубузга алабыз", — деген BBC эфиринин башкы алып баруучусу Мариам Мошири.
Ал кечирим сураганын X социалдык тармагындагы баракчасында кайталаган.
ХАМАСты колдогону үчүн BBC Араб кызматынын алты кабарчысы иштен четтетилип, ички иликтөө башталганын ЖМКлар жазды.
Дагы бир чатак британиялык Guardian басылмасы менен байланыштуу болгон. Гезит белгилүү карикатурачы Стив Белл менен Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун "антисемиттик" сүрөтү үчүн келишимин жокко чыгарган. Анда Белл өкмөт башчынын Газа боюнча кадамын калеми менен бергенге аракет кылган.
БУУ штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
БУУ Израилдин Газага урулган соккуларын согуштук кылмыш деди
Жаңылыктар түрмөгү
0