Түндүк — Түштүк соода коридорунан АКШ эмнеге чочулоодо. Эксперттердин маеги

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаа жолдо бара жатат. Архив
Жүк ташуучу унаа жолдо бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Жазылуу
Дүйнөнүн ондон ашык мамлекетинин башын бириктирген Түндүк — Түштүк соода коридорун ишке киргизүүгө кадамдар ташталды. Туура саясат жүргүзүп, Кыргызстан да шыбагасынан куру калбашы керек.
Sputnik Кыргызстан редакциясында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов жана Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү, сырткы соода боюнча эксперт Рамис Ибраев болду.
— Учурда актуалдуу болуп жаткан Түндүк — Түштүк эл аралык соода коридорунун мааниси тууралуу сүйлөшсөк?
Улукман Мамытов: — Кыргызстан үчүн бул соода коридорунун мааниси абдан чоң. Анткени Казакстанга көз каранды болбой, Өзбекстан, Түркмөнстан аркылуу ири транспорттук соода коридоруна кошулуу мүмкүнчүлүгү жаралууда. Азыр маанисин көп этибар албаганыбыз менен ал келечекте кулачын жаят. Себеби атаандаштыкка туруштук берүүчү абдан жакшы шарттары бар. Мурда Индиядан Европага, ошол эле Москвага, Санкт-Петербургга товар Суэц каналы аркылуу жеткирилчү. Эгер ушул коридор ишке кирип калса убакытка да, каражатка да үнөм болот. Товар Индиядан Санкт-Петербургга Европаны тегеренип отуруп 40 күндө жетет экен. Ошол себептен бул коридор соода жүгүртүү жаатында Россияга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Иран үчүн да маанилүү. Ал келечекте транспорттук хабга айланышы мүмкүн. Себеби Иран Россия, Индия жана Орто Азия мамлекеттеринин ортосунда жайгашкандыктан соода борборуна айлануусуна бардык шарт бар. Кытайдын арты менен биз үчүн да мааниси чоң.
© Sputnik / Асылбек БактыбековМамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
— Рамис мырза, бул соода коридорун түзүү 2000-жылдардан бери эле айтылып келет. Көп мамлекеттер кызыкдар болгону менен ири долбоор миллиарддаган суммаларды талап кылат экен. Логистикалык мүмкүнчүлүктөр болгону менен ал иштелип чыга элек. Деги эле бул долбоорду ишке ашыруу мүмкүнбү?
Рамис Ибраев: — Албетте, мүмкүн. Түндүк — Түштүк соода коридорун ачсак абдан сонун жеңилдиктер болот. Шарттар деле жеңил, болгону бул жол тапталган эмес. Бишкектен же Оштон чыккан жүк 4000 чакырымды басып, Россиянын шаарларына жетүүдө. Ал эми Оштон чыккан унаа Түркмөнстандын чек арасына чейин 1000 чакырым эле жүрөт. Андан ары Иранга кирип кетет. Сарахс эркин экономикалык аймагынан Бандер-Аббас портуна чейин 1,5 миң чакырым. Ойлоп көрсөк, 2,5 миң миң чакырым жол жүрүп эле деңизге кирип кете алабыз. Биз бул соода коридорунун логистикасына көп деле акча сарптабайбыз. Болгону ал жолду тапташыбыз керек. Ошол жолдон азыр суткасына Кытайдан чыккан 400-450 машина өтөт. Негизи 200 эле унаа өтүшү керек болчу. Торугартта деле ушундай көрүнүш. Учурда Кытай тарап жолду кеңейтип, күнү-түнү иштегидей кылабыз дешүүдө. Кара жол менен жүргөн жүк ташуучулар деңизге оңой эле чыга алышат. Темир жол салууга көп акча кетип калат. Иран санкция менен чектелген өлкө болгондуктан ушуга чейин көп колдоно албай келгенбиз. Ал эл аралык жүк жеткирүүгө катыша албайт. Ошондуктан экспортту Иран аркылуу түз ташууга болбойт. Иранды Түркияга чыгууга же Азербайжанга кирип, андан Россияга чыгып, деңизди колдонууга пайдалансак болот. Эгер темир жол салсак Казакстанга көз каранды болбой, Кара-Сууга чоң терминал ачып, түз Анжияндан кирип, андан Түркмөнстандагы Түркмөнбашы портуна барып, Каспий портуна же Азербайжандын Баку портуна чыксак болот. Ошондой эле Грузия аркылуу Түркияга кирип, андан Европага чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Биз негизинен Кытайдан кирген товарларга транзит өлкө катары иштеп калат экенбиз.
— Биз андан эмне пайда ала алабыз?
Р.И.: — Кыргызстан биринчиден стратегиялык жакшы өнөктөшкө айланат. Башка өлкөлөр менен транзит ачуу үчүн мекемелер аралык келишимдерди түзө баштайбыз. Эч кимге көз каранды болбойбуз. Көп өлкөнүн унаалары бизден өтө баштайт. Ошол эле Россиянын машиналары эгер Кыргызстан аркылуу каттай баштаса, башка маселелерди чечип алууга да оңой. Өтүүгө уруксат берүүнү жеңилдетип койсок Кыргызстандан кирип жаткан товарларга алар да уруксат кагазын сурабайт. Темир жол куруп алсак вагондорго өз товарларыбызды жүктөп, Европага же Азия өлкөлөрүнө экспорттой баштасак болот. Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолуна Түркмөнстанды кошуп эле Түндүк — Түштүк соода коридору кылып коюуга жол ачылат.
© Sputnik / Асел АкматСоода-өнөр жай палатасынын мүчөсү, сырткы соода боюнча эксперт Рамис Ибраев
Член Торгово-промышленной палаты, эксперт по внешней торговле Рамис Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү, сырткы соода боюнча эксперт Рамис Ибраев
— Бул жолду 2030-жылдан баштап ишке киргизүү пландалуудабы?
У.М.: — Биринчи жүктөр өттү. Азыр муну кеңейтүү маселеси турат. Бул транзит Кыргызстанга жаңы стратегиялык жол ачып бериши мүмкүн. Анткени өкмөт да өндүрүүчүлөрдү экспортко тартуу саясатын жүргүзөт. Бир жыл мурун Россия, Азербайжан жана Иран биригип Баку декларациясына кол коюшту. Ирандын өзүнүн темир жол тармагы бар. Ал эми Россиянын темир жолу Азербайжандын Астара шаарына, Ирандыкы Реж шаарына келип токтойт экен. Баку декларациясынын негизинде Астара менен Режди байланыштырган темир жол салууну көздөшүүдө. Ушул жол бириксе Москвадан түз эле Ирандын Бандер-Абад шаарында чейин жол ачылып калат. Бул логистиканы кыйла жеңилдетип, жүктү да арзандатат. Ушундай үч-төрт багыттагы жол ачылат, аны биз да пайдалансак болот. Мисалы, Түркмөнбашы порту аркылуу Астрахань шаарына Каспий деңизи менен жүк жеткирүүгө жол ачылат.
— 2030-жылдарга чейин товар жүгүртүүнүн көлөмүн 32,5 миллион долларга чейин жеткирүү планын коюп жатышат. Бул абдан чоң көрсөткүч. Эмнеге мурда бул логистикалык жолду салууга камылга көрүлгөн эмес? Бир топ жеңилдиктер жаралмак экен...
Р.И.: — Мурда геосаясат башкача болчу. Тагыраак айтканда, ири өнүккөн өлкөлөр бири-бири менен иштешип, соода алакаларын жасап, майда өлкөлөргө көп көңүл бурулчу эмес. Азыр кырдаал өзгөрдү. Россия деле башка альтернативдүү жолдорду караштыра баштады. Кытай товарларын Хоргос аркылуу ташууну баштаган. Бирок карантинде бир топ чектөөлөр кирип, план аткарылбай калды. Ошол себептен Кытай Кашкарга чейин товарын темир жол менен алып келип, андан ары Кара-Сууга чейин машина менен ташып, кайра темир жолго жүктөп чыгып кетүү аларга да жеңил. Африка өлкөлөрү да Россия менен бир катар келишимдерге кол коюшту. Демек, жүк ташуучу бир нече чоң жол керек. Буга Индия да кызыкдар.
У.М.: — Ишкерлер жүк ташууга дайым даяр. Бирок Түштүк — Түндүк соода коридорун ачууга кызыгуу күчөп жатканынын себеби геосаясатта жатат. Санкциялар киргизилип, Иран көп жылдан бери блокадада жашап келет. Азыр Россия да Иранга ыктап, жаңы келишимдер менен иштеп жатышат. Буга чейин Россия Батышка карай бир тараптуу саясат жүргүзүп келсе, эми транспорттук соода коридорун ачууга чоң кадамдар жасалууда. Мунун келечеги кең деген ойдомун.
— Транспорттук соода коридору дүйнөлүк саясатты өзгөртүүгө кандай салымын кошо алат?
У.М.: — Мурда дүйнөлүк саясатта Батыш Европа чоң соода борбору болчу. Азыр алардын экономикасы кризиске батып, бир топ төмөндөп баратат. Анын ордуна Чыгыш Азия менен Түштүк Азия кеңейүүдө. Индонезия, Малайзия, Түштүк Корея, Кытай, Индия чоң саясат жүргүзүп баштады. Мындан тышкары, араб өлкөлөрүнүн мааниси да артып баратат. Себеби булар Батыштан ири көлөмдө акча чыгарып, Чыгышты карай жаңы саясат жүргүзүүнү колго алды. Демек, бул аймак абдан өсөт. Африка мамлекеттерин да эстен чыгарбаш керек. Алар экономикалык кадамды төмөнкү стандарттан баштаса тез эле өнүгүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан алардын да келечеги кең. Россиянын саясатынын ушул багытка бурулганынын себеби да ошол. Эми чоң-чоң кадамдар жасалышы мүмкүн.
Май куюучу жайда адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Бензиндин литрине бир сом кошуу сунушталды. Акча кайда жумшаларына түшүндүрмө
— Бул Кытай үчүн деле абдан ыңгайлуу долбоор болуш керек. Кыргызстан аталган транзиттен көп пайда табуу үчүн кандай иштерди жасашы керек?
Р.И.: — Санкциянын арты менен көп мамлекеттер Россия менен соода-сатык алакасын жүргүзө албай жатышат. Ал эми биз ЕАЭБ уюмуна кирген өлкө болгон үчүн өнөктөшпүз. Бизге келген жүктүн көбүн Россияга ташысак болот. Бизге Түркиядан үч-төрт соода коридору менен көп жүк келет. Айрым товарларга санкция коюлган. Аларды өзүбүз колдонсок болот, бирок Россияга ташый албайбыз. Коопсуздук жагын да карашыбыз керек. Эгер бизге санкция койсо, экономикабыз аны көтөрө албайт. Россиядан келген жүктөрдү да өзүбүз колдонушубуз зарыл. Ал эми Түндүк-Түштүк соода коридорунун негизги стратегиялык мааниси — келечекте энергетикалык ресурстарды ташууга жол ачылат.
У.М.: — Соода коридорунун ачылышы менен бизге абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүүдө. Ошол эле темир жол салуу жагын да дыкат карап чыгуу керек. Мисалы, Кытай өз акчасына темир жол салып бере турган болсо, анда алар башкарууну жана транзитти жеке көзөмөлүнө алып баштайт. Бул келечекте пикир келишпестикти жаратышы ыктымал. Себеби биз да товарларыбызды экспорттошубуз керек да.
Р.И.: — "Кара-Суу" базары абдан жакшы жерде жайгашкан. Бара-бара мурункудай эле Фергана өрөөнү соода-сатыктын ордосуна айланат деген ойдомун. Жаныбыздагы Өзбекстан абдан өнүгүп жатат. Кытай менен чек ара тоскоолдуктары жок. Кийин бизде да санариптешүү аркылуу Европадагыдай эле чек ара тоскоолдуктары жоюлат. Азыр бир өлкөгө кирип жүк алып чыгуу үчүн уруксат кагаздарын толтуруп, эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында гана өткөрө алабыз. Бюрократия көп. Жүк унааларынын көбү уруксат ала албай отурат. Мунун баарын санариптештирип койсок кагазга убакыт коротуп отурбай эле чек арага келип, тийиштүү төлөмдү төлөп өтүп кетесиң. Муну менен бирге жүк Кыргызстандан эле чыга бербестен, бизге да жүк келип турушу керек. Өкмөт муну да карап жатат.
— Азыр Түндүк — Түштүк коридоруна ондон ашык мамлекет мүчө болууда. Мунун өзү дүйнөлүк саясатты өзгөртүп же доллардын түшүшүнө роль ойноп коюшу мүмкүн экен да?
У.М.: — Чындап эле Түндүк — Түштүк коридорунун кулачы кеңейсе, мааниси да өсөт. Иран хаб болуп калса, ага санкция салган өлкөлөр менен достошуп, керек болсо доллардан баш тартуу маселеси да көтөрүлүшү мүмкүн.
— Кыргызстан канткенде ушул маселеде сомдун кунун түшүрбөй рычагды кармаган өлкө боло алат?
У.М.: — Экономикабыз өсүп, өзгөчө, экспортубуз көбөйсө бизге жакшы. Анткени сомдун туруктуулугу экспортко бир топ байланган. Эгер импорт көбөйө берсе, кайра эле доллар сыртка чыгып кетет. Азыр Россия Астрахань шаарына жаңы заводдорду куруп жатат. Контейнердик кемелерди ээлеп, Каспийдин жээгине өз паромдорун коюуну көздөөдө.
— Аталган соода коридорунун ыңгайлуулугу деңиз жолдорун, кара жол жана темир жолду камтып жатат. Чындыгында бул жолдордун толук кандуу ишке кириши Батышка жакпайт...
У.М.: — Албетте, Батыш кирешеден жана геосаясий таасиринен ажырап жатат. Өзгөчө Америка менен Британия соода жолдорунун баарын көзөмөлдөп турушат. Россияны Инд океанына киргизбөө саясаты да болгон. Эгер Кытай менен Тайвандын ортосунда согуш башталып кетсе, Кытайдын соода жолун да жабышат. Ошол себептен кытайлар "Бир алкак — бир жол" долбооруна көңүл буруп жатышат.
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Батыш таңуулаган бир контурлуу экономикадан эки контурлууга өтчү мезгил келди. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0