19-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы паркта күзгү жалбырактар
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы паркта күзгү жалбырактар  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Жазылуу
19-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунда жамгыр жаашы мүмкүн. Калган региондордо жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Өлкөнүн калган аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +15...+20, Талас, Нарын жергесинде +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көл аймагында +13...+18 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +18...+20, Ош калаасында +22...+24 градуска жетет.
Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбачылыгы департаментинин директорунун орун басары Максат Мамытбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Радио
Асыл тукум статусу бар чарбаларга дотация берүү сунушталууда. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0