Өзөктүк сыноолорго толук тыюу салчу документ кайра каралууда. Видео

Жазылуу
Мамлекеттик дума пленардык отурумда Өзөктүк сыноолорго толук тыюу салган келишимдин ратификациясын чакырып алуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
РИА Новости Мамдуманын спикери Вячеслав Володиндин тапшырмасы менен документти даярдап, комитеттин отурумуна 13-октябрда алып киришкенин жазды.
"Вашингтон алар тарабынан жасалган үстөмдүк жакшылыкка алып келбесин акыры түшүнүшү керек. Өз ара урматтоого негизделген диалог керек, кош стандарттардын жоктугу, суверендүү мамлекеттердин иштерине киришпөө зарыл. Россия Федерациясы өзүнүн жарандарын коргоп жана глобалдуу стратегиялык теңдик өкүм сүрүшү үчүн бардыгын жасайт", — деген Володин.
Аталган долбоор "Өзөктүк сыноолорго толук тыюу салган келишимди ратификациялоо жөнүндө" мыйзамдын беренелерин жокко чыгарууну карайт. Анда Россиянын атынан 1996-жылы 24-сентябрда Нью-Йоркто кол коюлган документти ратификациялоо талкууланмакчы.
Москва Өзөктүк сыноолорго толук тыюу салган келишимди 2000-жылы ратификациялаган. Бир катар мамлекеттер, АКШ, Кытай муну жасаша элек. Бирок өзөктүк куралдары бар мамлекеттер мындай сыноолорду өткөрбөө милдетин алышкан.
Президент Владимир Путин октябрдын башында Россия аталган документти ратификациялабаган АКШга өзүндөй жооп кылып коюу мүмкүнчүлүгү тургандыгын эске салган.
"Америка Кошмо Штаттары өзөктүк куралды сыноого тыюу салган эл аралык документке кол койгон, ага Россия да катышкан. Россия кол коюп, ратификациялаган. Ал эми Америка кол коюп, бирок ратификациялабай таштап койгон. Россия сыноолорду өткөрүү керекпи деген нерсеге азыр жооп айтууга даяр эмес. Бирок АКШ менен алакада өзүнө жараша мамиле менен жооп берет", — деген Россия лидери.
Эми чечимди Мамдума кабыл алмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0