20-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Бишкектин бир паркындагы тыйын чычкан
Бишкектин бир паркындагы тыйын чычкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Жазылуу
20-октябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жума күнү күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй менен Талас жергесинде +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көлдө +13...+18, ал эми Нарында +15...+20 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +21...+23, Ошто +22...+24 градуска жетет.
Психолог Шолпан Мамытова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Радио
Психолог: күз мезгилинде эмоцияга таасир эткен негизги эки жагдай бар
Жаңылыктар түрмөгү
0