Оор кылмыш жасагандарга эмне үчүн пробация берилет. Адистин маеги

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүү(Фемида) Адилет кудайынын айкели, Иллюстративдик сүрөт
(Фемида) Адилет кудайынын айкели, Иллюстративдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Жазылуу
Өлкөдө оор кылмышка шектүүлөрдүн пробацияга жиберилиши нааразычылыктарды жаратууда. Арасында жаш балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөр да бар экени айтылып келет.
Sputnik Кыргызстан редакциясында Юстиция министрлигинин пробация департаментинин Аламүдүн району боюнча бөлүмүнүн башчысы Амангазы Искендеров болду.
— Пробация институту кандайча түзүлүп калган?
— Биз 2019-жылдын 1-сентябрынан тарта өзүнчө институт катары ишмердигибизди аткарып келе жатабыз. Пробация — бул "сыноо" дегенди билдирет. Сот системасын гумандаштыруунун алкагында 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинде ушундай түшүнүк пайда болгон. Мында кылмышка кириптер болгон адамдарды обочолонтпой (абакка камабай — ред.) пробациялык көзөмөлгө берет. Сот көргөзгөн убакыт ичинде кылмышкердин өзүн коомдо алып жүрүүсү сыналып, пробация институту аны менен социалдык иш жүргүзөт. Жүрүм-туруму анализденип, экинчи ирет кылмышка барбай турганы далилдениши керек. Ошол эле учурда соттун да көзөмөлүндө болот. Ал өзүн жакшы алып жүрсө берилген жазадан кутулат. Кайталап кылмыш жасай турган болсо жаза мөөнөтүн абакта өткөрөт.
— Жалпы статистикалык маалыматтарга токтолсок, канча кардар кандай кылмыштардын негизинде кайрылды?
— Пробация негизи төрт түргө бөлүнөт. Сотко чейинки пробацияда иш козголгондон кийин соттун сунушу менен кардар бизге келет. Жарандар өздөрү кайрыла албайт. Ошол учурда пробация институту өкүмү чыга элек жаранды изилдеп, сотко ал тууралуу доклад берет. Соттолгондон кийин пробацияга кетсе аткаруу иши жүргүзүлөт. Пенитенциардык пробацияда жакшы жүрүш-турушу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулгандар эркиндикке чыкканда да кылмышка аралашып кетпеши үчүн анализ жасалат. Ал эми постпенитенциардык пробацияда түрмөдөн чыккан соң да көзөмөлгө алынат. Биз соттун токтомунун негизинде гана иш жүргүзө алабыз. Эгер кылмыш оор болсо дароо эле жазасын берет. Бүгүнкү күндө Пробация департаментинин 6 559 кардары бар. Сотко чейинкиде — 797, аткаруу пробациясында — 4 657, пенитенциардык пробацияда — 689, постпенитенциардыкта 416 кардар катталган. Жыл башынан бери 19 032 кардарга социалдык изилдөө жүргүзүлүптүр.
© Sputnik / Асел Акмат Юстиция министрлигинин пробация департаментинин Аламүдүн району боюнча бөлүмүнүн башчысы Амангазы Искендеров
Начальник департамента пробации по Аламудунскому району Министерства юстиции Амангазы Искендеров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Юстиция министрлигинин пробация департаментинин Аламүдүн району боюнча бөлүмүнүн башчысы Амангазы Искендеров
— Жакында депутаттар педофилдерге да пробация колдонуларын айтып нааразы болушту. Ушундай оор кылмыштарга жеңилдетилген сынак берүү жагы азыр кандай каралууда?
— Коомчулукта өтө гумандашып кеткенибиз жана ашыкча жазалоолор тууралуу пикирлер айтылып эле келе жатат. Менимче, ар бир болуп өткөн жагдайга өз убагында туура мамиле жасашыбыз керек. Укук коргоо органдары кылмыштын абалына жараша баа берет. Мисалы, айрымдар аргасыздан уурулукка барышы мүмкүн. Пробация департаменти кылмышкердин социалдык абалын изилдейт. Кандай шартта кылмышка барганын так, даана иликтеп сотко жеткире турган болсо, сунушубуз сот тарабынан туура кабылданса эске алынат. Биз анын арам ой менен жасаганын же кокустуктан болгонун анализдейбиз.
Кылмыш-жаза кодексинин 2021-жылдагы редакциясына оор кылмыштарга да пробация колдонуу тууралуу норма кирип калган. Мурун анча оор эмес кылмыштарга гана пробация берилчү.
— Оор кылмыш менен камалып, пробация алып, бирок кийин экинчи жолу кылмышка баргандар барбы?
— Ооба, мурда рецидивисттерге пробация колдонулчу эмес. 2021-жылдан баштап кайталап кылмыш кылгандарга да жеңилдик берилип калды. "Мурунку кылмышы үчүн жазасын алды, кийин жеңил-желпи кылмыш кылса камаштын кереги жок" деген норма менен пробация каралат. Бизде кайталап кылмыш жасоо тобокелчиликтерин анализдөө методу бар. Кылмышкердин өздүгүн, чөйрөсүн аныктап, муктаждыгына жараша психологдорго, социологдорго же теологдорго жиберебиз. Коом үчүн кооптуу экени байкалса көзөмөлгө алынат. Анткени айрымдар ден соолугунан же ашынган диний ишениминен да мыйзам бузат.
Өзгөчө оор кылмыш кылгандарга, коррупциялык беренелер менен күнөөлөнгөндөргө, баланын жыныстык кол тийбестигин бузгандарга, уюшкан кылмыштуу топко, конституциялык түзүлүшкө каршы чыккандарга пробация колдонулбайт. Бул дагы соттун чечимине жараша болот. Мисалы, оор кылмышты соттун чечими менен пробацияга багыттап да коюшу мүмкүн. Анткени айрым учурда оор кылмыш жасаган адамдын коомго коркунуч жаратпай турганы аныкталып калат.
Коркутуулар болот, коргонуу жолун ойлонуп койгом. Вице-мэр Орунтаевдин видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Коркутуулар болот, коргонуу жолун ойлонуп койгом. Вице-мэр Орунтаевдин видеомаеги
— Сиздин оюңузча, оор кылмыш жасаган адамдарды пробация кардары кылуу канчалык деңгээлде туура?
— Жагдайга туура баа берүү керек. Мисалы, жакында эле Селекциядагы үрөй учурган окуяда келиндин мурунку күйөөсү мурда да зордуктоо боюнча соттолуп, бирок пробация менен бошотулганы коомду нааразы кылды. Натыйжада баарыбыз бири-бирибизди күнөөлөп эле жатып калдык. Мындайда туура анализдөө маанилүү. Эгер кылмышкер коомго коркунуч жарата турган болсо, анда аны обочолонтуу керек. Пробациялык мөөнөттө жүрүп да кылмыш кылгандар болот.
Бүгүнкү күндө 221 адам бизде каттоодо турат. Кылмыш-жаза кодекси менен камалгандарды жана укуктук тартип бузган адамдарды да бизге берет. Ушулардын ичинен 9 киши кайрадан кылмыш жасап, камалып кетти. Калгандары сот койгон талаптарды аткарып жатат.
Статистика боюнча, жалпы 6 559 кардардын 1160ын аялдар түзүүдө.
Пробация — бул жалпы коомчулуктун жумушу. Жумушсуздуктан аргасыз мыйзам бузууга баргандарга Социалдык министрлик, наркоман же психикалык оорусу барларга Саламаттык сактоо министрлиги жана башка көйгөйлөрүн жергиликтүү бийлик карайт. Биз анализдеп, тийиштүү тармакка табыштап кат жөнөтөбүз.
— Балдар пробация кардары боло алабы? Алар менен иштешүү кандай жүрөт?
— Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренесинин негизинде жашы жете элек өспүрүмдөргө да пробация каралган. Чоңдордуку менен айырмасы бар. Жаш балдарга өзгөчө көңүл бурулат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 56 өспүрүм биздин көзөмөлдө болсо, анын экөө — кыз бала. Балдарга социалдык камкордук керек. Биздин максат — жеткинчектерди татыктуу коомго аралаштыруу. Өзүнүн социалдык чөйрөсү (мугалими, ата-энеси) да жоопкерчилик алат. Алар менен тыгыз иш жүрөт.
— Пробация институту да санариптештирилип жатты эле...
— Биздин департаментте автоматташтыруу тутуму түзүлгөн. Келген кардарлардын бардык маалыматтары электрондоштурулган. Республика боюнча аймактык органдарга видеокөзөмөл коюлду. Кардарлардын жүргөн-турганы, коррупциялык элементтеринин баары көрүнүп турат. Кардар биометрикалык каттоодон өтпөсө, бизге көзөмөлдөн өтүүгө келгени эсепке алынбайт. Анткени келип манжасынын изин калтырат. Мындан башка технологиялар да иштеп жатат.
Ал эми коомдук жумушка тартылган кардар ишке он күндө бир чыгат. Айыл өкмөттөрдөн бизге объектилердин тизмеси берилет. Текшерген учурда кардар ошол объектиде жок болсо, анда ага чара көрүлөт.
Товарды маркалоо процесси. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Товарды маркалоо ЕАЭБ алкагында экспортко шар чыгууга жол ачат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0