Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бакетаев: абакта кылмышкерлерди кармоо тартибине реформа зарыл

© Sputnik / Асылбек БактыбековПолитолог Бакыт Бакетаев
Политолог Бакыт Бакетаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Жазылуу
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев абактарда кармалган кылмышкерлердин укуктук маселелерине ашкере көңүл бурулганы менен аларды бөлүп кармоо ишке ашпай келе жатканын айтты.
Учурда өлкөдө кылмыштуу топтор менен күрөш жүрүп жатат. Бул жакшы жөрөлгө. Эми экинчи этабында абактарда реформа жүргүзүлсө Кыргызстанда 5-6 жылдын ичинде "каралар дүйнөсү" деген түшүнүк жоголот эле. Мындай пикирин Бакыт Бакетаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Бакетаев: абакта кылмышкерлерди кармоо тартибине реформа зарыл
Анын айтымында, аксакалдар сотунун функциясын күчөтүү зарыл.
"Биз бир тарабынан абактагы кылмышкерлердин укугун сактоо боюнча эбегейсиз жумуштарды жасап жатканыбыз менен аларды кылмышынын түрүнө карап бөлүп кармоо ишке ашпай келет. Камалгандардын укугун коргоодо бейөкмөт уюмдар көп эмгек жасоодо, бирок кылмышкер деп табуу процесси сапатка эмес санга байлангандыктан, алар жылдан-жылга көбөйүп жатат. Майда кылмыш жасагандар деле камалып кетүүдө, алар менен жеринде эле аксакалдар соту иштеп, түрмөгө киргизбей жаза берилиши керек. Ошондой эле анча чоң эмес экономикалык кылмыш менен абакка кесилгендерди да чоң кылмыш менен түшкөн, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсүнөн алыс кармоо зарыл. Алар берилген жазасын өтөп бүткөн соң коомго кайтып, пайдалуу иш жасаган жаранга айланышы шарт. Бизде, тескерисинче, билимдүү, акылдуу мындай жарандар кылмыштуу топторго кошулуп кетүүдө. Камалгандардын жеке укуктарынын сакталышына басым жасай бербей, мына ушул гумандуулук, коомго кайтаруу иштерине да көңүл бурулушу керек", — деди Бакетаев.
Ал өсүп келе жаткан муунга да идеологиялык сабактар өтүлүп, кылмышкер болуунун кесепети байма-бай айтылып туруусу зарыл экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0