Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Байден Украинага берилген жардамды "келечектүү инвестиция" деп атады

© AP Photo / Alex BrandonАКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн офицери Довер RAF базасында 155 мм патрондорду текшерип жатат
АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн офицери Довер RAF базасында 155 мм патрондорду текшерип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Жазылуу
Өлкө башчынын сөзүнө РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова жооп берген.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден улутка кайрылып жатып, Украинага көрсөтүлүп жаткан жардамды "келечектүү инвестиция" деп атады. Мамлекет жетекчисинин сөзүн РИА Новости жазган.
Байден конгрессти Украинага курал-жаракты үзгүлтүксүз жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды. Эскерте кетсек, АКШ президентинин бүгүн Украина, Израиль жана башка муктаж союздаштарына жардам көрсөтүү үчүн бюджеттик сурам жөнөтөрү күтүлүп жатат.
Өлкө башчы америкалык жоокерлерди Украинага жибербей турганын кайталады.
"Украинанын болгон өтүнүчү — жардам, курал-жарак, ок-дары, абадан коргонуучу системалар. Киевге курал-жарак америкалык кампалардан жөнөтүлүүдө, ал эми конгресс бөлгөн каражат Америкада чыгарылган жана Американы коргоп жаткан аскердик арсеналды толуктоого жумшалат", — деди президент.
Анын айтымында, Украинага көрсөтүлгөн жардамды келечектүү инвестиция катары кабылдоо керек, анын жемишин кийинки бир нече муун көрөт.
Байдендин бул сөзүнө РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова комментарий берип, Вашингтон эркиндик менен демократияга күйүмүш болуп дүйнө жүзүн алдап келгенин белгиледи.
"АКШ президенти Украинага берилген жардамды кийинки муундар үзүрүн көрө турган "келечектүү инвестиция" деп атады. Мурун "эркиндик жана демократия үчүн күрөш" деп атачу. Эми бул жөн гана эсеп болуп чыга келди. Буга чейин деле ушундай болчу, болгону Вашингтон кадыры жок баалуулуктарды бетке кармап келген", — деп жазды Захарова Telegram-каналына.
ТИМ өкүлү кандуу кагылышуулар Америкадан башка жакта өтүп келгендиктен АКШ үчүн согуштар дайым "келечектүү инвестиция" болуп келгенин белгиледи. Захарованын айтымында, башка бирөөнүн кайгы-муңуна Вашингтон эч убакта баш оорутуп кыйналган эмес.
РФ президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Путин Байдендин Россияны басып коюуну кыялданган сөзүнө жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0