ЕАЭБде соода жүгүртүү жыл аягына чейин 100 млрд. долларга жетери болжолдонду

© AFP / MARK WILSONЖүз долларлык купюралар. Архивдик сүрөт
Жүз долларлык купюралар. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Жазылуу
Элчи ЕАЭБ өлкөлөрү 2022-жылдан бери улуттук валютага активдүү өтүп жатканын билдирди.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүү жыл аягына чейин 100 миллиард долларга жетет. Бул 2015-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп көрсөткүч экенин Беларустун Россиядагы элчиси Дмитрий Крутой "Россияда жасалган" эл аралык экспорттук форумдун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, мындай көрсөткүчкө ири инвестициялар жардам берген.
"Инвестициялык канал өнөр жай, айыл чарба, жүк ташуу, башкача айтканда, реалдуу секторго салыштырмалуу тезирээк өсүп турат. Бул абдан жакшы. 2030-жылга чейин инвестициялык каналдагы соода жүгүртүүдөн да, башка тармактардан да олуттуу киреше алабыз деп ойлойм", — деди элчи.
Крутой ошондой эле улуттук валютага өтүүгө да токтолду.
"Улуттук валютага өтүү 2022-жылдан бери күч алды. Быйыл улуттук валюта менен болгон сооданын үлүшү 83 пайызды түзөт деп күтүп жатабыз. Мурда Беларусь менен Россия бул жаатта алдыда болсо, азыр биримдиктин башка өлкөлөрү да бул процесске активдүү кошулуп жатканы көрүнүп турат", — деди дипломат.
Товарларды түшүрүү иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
ЕАЭБ менен Кытайдын товар айлантуусу рекорддук көрсөткүчкө жетти
Жаңылыктар түрмөгү
0