24-октябрда Бишкектин айрым конуштарында ичүүчү суу болбойт. Даректер

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши дааратканада пластик бөтөлкөдөн колуна суу куюп жатат. Архивдик сүрөт
Киши дааратканада пластик бөтөлкөдөн колуна суу куюп жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Жазылуу
Мэрия ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекеме-уюмдарга жана калкка сууну алдын ала камдап алууну эскертти.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. 24-октябрь, шейшембиде, Бишкектин эки конушунда ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитет суу 9:00дөн 20:00гө чейин өчүрүлө турганын белгиледи.
"Ала-Тоо" суу кампасында жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу Ала-Тоо — 1, Ала-Тоо — 2 конуштарында жана ал жактагы турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо объектилеринде ичүүчү суу жок болот", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекеме-уюмдарга жана калкка сууну алдын ала камдап алууну эскертти.
Бишкектин Түштүк магистралындагы автобус линиясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Жыл аягына чейин Бишкектин дагы 7 көчөсүнө сары тилке түшөт. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0