ТИМ Россия жарандарынын Кыргызстанда жүрүүсүнүн жаңы эрежелерине түшүндүрмө берди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүАэропортто чемодандар менен кишилер. Архив
Аэропортто чемодандар менен кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Жазылуу
Мекеме эгерде россиялык жаран Кыргызстандын аймагында 30 күндөн ашык жүрө турган болсо visa-run системасын жокко чыгарганга чейинкидей эле милдеттүү түрдө каттоодон өтөрүн эскертти.
БИШКЕК, 20-окт. – Sputnik. Тышкы иштер министрлиги visa-run системасы жоюлгандан кийин Кыргызстанда чет элдик жарандардын, анын ичинде россиялыктардын жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрмө берди.
Министрликтен белгилегендей, Кыргызстанда чет элдик жарандардын жүрүшү боюнча жаңы эреже 21-октябрдан тарта колдонулат. Бул Республиканын аймагында андан ары жүрүүгө укук берген документтерди толтурбагандарга тиешелүү болот.
"Россиянын жарандары 30 күнгө каттоого туруу милдетинен бошотулат. Эгерде россиялык жаран Кыргызстандын аймагында 30 күндөн ашык жүрө турган болсо visa-run системасын жокко чыгарганга чейинкидей эле милдеттүү түрдө каттоодон өтөт", — деп айтылат маалыматта.
Муну менен катар эле Кыргызстанда республика аймагына жеке максаттары менен кирген Россиянын жарандары каттоодон өтүүдө баштапкы каттоо 180 күнгө толтуруларын белгиледи.
"Жаңы эрежелер Россия жарандарынын Кыргызстанда жүрүү укуктарын чектебейт жана бул аракеттер чет элдиктердин Кыргызстандын аймагында жүрүүсүн иретке келтирүү максатында киргизилди", — деди ТИМден.
Мындан тышкары, министрлик көп тараптуу жана эки тараптуу эл аралык келишимдерде, анын ичинде ЕАЭБ келишиминде көрсөтүлгөн милдеттемелерди аткарууну камсыздаарын кошумчалаган.
Visa-run — визасыз режимдин мөөнөтүн узартуу үчүн өлкөдөн чыгып, кайра кайтып келүү практикасы. Мисалы, Түркиянын жараны Кыргызстанда 90 күн визасыз жүрө алат. Ал 89-күнү Казакстанга "кирди-чыкты" кылып коюп дагы үч ай жүрө берет. Эми мындай ыкма жокко чыкты. Эгер чет өлкөлүк визасыз 60 күн жүрсө, Кыргызстандан чыккандан 60 күндөн кийин гана кайра кире алат. 90 күнгө уруксаты болсо, кайра келүү убактысы да 90 күн деп белгиленет.
Аэропорттун имаратындагы жүргүнчү. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Кыргызстан чет элдиктер үчүн visa-run режимин жокко чыгарды. Түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0