АКШ менен ЕБ Израилден Газага басып кирүү операциясын жылдырууну талап кылууда

© AFP / JACK GUEZИзраилдин аскерлери Газа сектору менен чек арага жакын жерде
Израилдин аскерлери Газа сектору менен чек арага жакын жерде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2023
Жазылуу
Максаты — туткундарды бошотуу боюнча жашыруун сүйлөшүүлөр үчүн убакытты утуу.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. АКШ жана Евробиримдик өлкөлөрү Израилден Газа секторуна кургактан операция жүргүзүү убактысын жылдырууну талап кылып, басым жасап жатат. Бул тууралуу РИА Новости Bloomberg агенттигине шилтеме берүү менен жазды.
“АКШ жана европалык өкмөттөр Израилге Газа секторуна кургактагы жер аркылуу басып кирүү мөөнөтүн жылдыруу үчүн басым жасап жатат. Бул Катардын ортомчулугу менен ХАМАСта барымтада тургандарды бошотуу боюнча жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө убакыттан утууга жардам берет”, — деп жазган агенттик кырдаал менен тааныш маалымат булагына таянып.
Сүйлөшүүлөр өтө кылдат жүрүп жатат жана ортодон бузулуп кетүү кооптуулугу да бар. ХАМАС кыймылы кээ бир жай тургундарды Израилден жооп катары алардын туткундарын да чыгарууну талап кылбай эле бошотууга макул болушу мүмкүн болууда.
Газа секторунда туткунда турган эки америкалык аял бошотулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2023
Газада туткундалган америкалык аял кызы менен бошотулду
Жаңылыктар түрмөгү
0