Эскертүү! “Автоураган” жыл соңуна чейин бардык облустарда иштей баштайт

© Фото / пресс-служба ГУОБДД"Автоураган" аппарат комплекси. Архив
Автоураган аппарат комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2023
Жазылуу
Жыл соңуна чейин бардык облус, шаарларда жеткиликтүү болору айтылды.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. “Автоураган” аппараттык-программалык комплекси жыл соңуна чейин Кыргызстандын бардык облустарында иштей баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
ЖКККББ учурда система Бишкекте гана иштеп жатканын айтты. Бирок жайында "Автоураган" Чолпон-Атанын кире беришине коюлганы кабарланган болчу.
"Жыл соңуна чейин ЖКККББ 20 “Автоураган” аппараттык-программалык комплексин алат. Анын экөө Чүй менен Ош облустарына берилди. Калгандары этап-этабы менен жеткирилет", - деп айтылат релизде.
Буга чейин мындай аппараттык-программалык комплексти рейддик иш-чаралардын алкагында гана региондорго алып барышчу. Бул жакшы натыйжаларды берип, издөөдө жүргөн унаалар табылып, коомчулук тарабынан жакшы бааланганы белгиленди.
Бишкектин жаңы автобустары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Бишкектин автобустарындагы камералар жолдогу эреже бузууну каттай баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0