ТИМ кыргызстандыктарга Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБишкектеги Тышкы иштер министрлигин имараты. Архив
Бишкектеги Тышкы иштер министрлигин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2023
Жазылуу
Ар кандай кырдаал учурунда Консулдук департаментинин түз байланыш телефонуна кайрылуу керек.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Ливандан чыгып кетүүнү жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө баруудан баш тартууну сунуштайт.
Бул аталган региондо аскердик-саясий абалдын туруксуздугуна жана Палестина-Израиль жаңжалынын андан ары курчушуна байланыштуу.
Ошону менен бирге министрлик Израилде жүргөн Кыргызстандын жарандарын азыркы учурдагы туруктуу каттамдар менен барган өлкөнүн чегинен тышкары чыгып кетүүгө чакырат.
ТИМ күтүлбөгөн жагдайга кептелип жана шашылыш суроолор жаралса мекендештер Консулдук департаментинин түз байланыш телефонуна (+996 999 312 002) кайрылууну эскертти.
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Жогорку Кеңештин депутаттары Палестина элине бир күндүк маянасын которот
Жаңылыктар түрмөгү
0